Menu

Ишкерлер Евробиримдик базарына товарларды экспорттоону үйрөнүшөт

Бөлүшүү:

Евробиримдик эксперттери ЖЖС+ (Жеңилдиктердин жалпы системасы) макамы кандай артыкчылыктарды берип, кандай милдеттенмелерди жүктөй тургандыгын ишкерлер чөйрөсүнө түшүндүрүү максатында Кыргызстанга келишти. Бул жөнүндө ЕБнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

9-июнда өтө турган жолугушууда ишкерлер Европа комиссиясынын өкүлдөрүнөн өнүмдү ЕБ рыногуна экспорттоого байланышкан суроолоруна жооп алышат. Башкы баяндамачылар – Евробиримдиктин соода боюнча башкы директоратынын жетекчисинин орун басары Николаос Заимис, саясат маселелери боюнча кеңешчи Даниэль Крамер, Европа тышкы байланыштар кызматынын кеңешчиси Гус Хоуттуин.

2016-жылдын январында Евробиримдик Кыргызстанга ЖЖС+ макамын ыйгарган. Бул товарлардын 6 миңден ашуун түрүн европалык рынокко төлөмсүз чыгарууга мүмкүндүк берет.

Маселен, жемиш, шире, как жана жаңгактарды (грек жаңгагын, мистени), буурчак, тамеки, кийиз буюмдарын, кийим-кече, килемдерди төлөмсүз чыгарууга болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: