Menu

Кеңешчиге жарыбаган өкмөт

Бөлүшүү:

Башбакан Сооронбай Шарипович “чу” дегенде эле кеңешчилерди “керегеге” тизип, кереги жокторун жолго салып айдай баштады. Алардын арасында Шаршен Касенов, “Бишкек парктын” кожоюну Айдин мырза баштаган бир катар инсандар бар. Ал эми бошоткондордун ордуна жарым жылдан бери бош жүргөн, “Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун” бир жылдан ашык башкарып, эч кандай иш жасабай эле, өзүнө 10 миң доллар айлык коюп алган Нурсулуу Ахметова дегенден башканы таппай калгансып, өзүнө коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындады.

10 миң долларды чапчып, башкасын “катып” иштеп көнгөн бул айым Жээнбековго айлыгы жок кантип иштейт? Көмүскөдөн “көркөм” иштерди жасайбы? Же ишсиз жүргөндөн көрө бекер иштесин дештиби, айтор бул жагы кызык. Негизи Ахметова Жээнбековго кыйратып деле кеңеш бербесе керек, ошентсе да айла жок, “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса”  дегендей эле кеп да…

Булак: “Багыт.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: