Бүгүн Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын аймагында “Лотерея ишмердүүлүгүнө” тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты. Аталган мыйзамга 98 депутат “макул” 12 депутат “каршы” добуш беришти.
Мыйзам долбооунун демилгечилери: Төрөбай Зулпукаров, Бакыт Жетигенов, Анвар Артыков, Таалайбек Масабиров жана Тазабек Икрамовдор.
Эске салсак, бул мыйзам парламенттин өткөн жумадагы жалпы жыйынында каралып, эл өкүлдөрүнүн арасында бир топ талаш-тартышты жараткан эле. Анда көпчүлүк депутаттар лотерея ишмердүүлүгүнө таптакыр тыюу салууга каршы чыгышкан болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ