Menu

Стамбулда теракттын жагдайлары иликтенүүдө

Бөлүшүү:

Автобус жарылып, 11 адамдын өлүмүн алган Стамбулдун туристтик районун полиция курчоого алды, көптөгөн тез жардам унаалары тартылды. Автобустун соо жери калган эмес, ага жакын жайгашкан үйлөрдүн терезелери талкаланган.

Түркия ММКлары жергиликтүү тургундарды шаарга барбоого, зарылдык болбосо үйлөрүнөн чыкпоого жана күмөн жараткан баштыктарды көрсө токтоосуз кабарлоого чакырууда.

Тартип сакчылары коомдук унаалардагы, автобустардагы, деңиз трамвайларындагы, метродогу адамдардын документтерин текшерүүдө. Башкы туристтик объектилерди коргоо күчөтүлдү. Музейлерде жан киши жок. Бийлик Босфор боюнча деңиз экскурсияларын токтотуп, Топкапы менен Ая-Софья музейлерин убактылуу жапты. Туристтер Стамбулдагы мейманканалардан кетип жатканы кабарланууда. Жардыруулар дагы болушу ыктымал деген ушак-айың күч.

Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчиликти ала элек. Жергиликтүү ММКда окуянын артында күрд жикчилдери же “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушчандары турат деген божомолдор айтылууда. Дал ушул топтор Анкаранын Сириядагы аскерий операцияга катышканын айтыптап, бир нече ирет теракт жасайбыз деп коркуткан.

Мина коюлган автоунаа полиция автобустары өтүп бараткан учурда жарылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: