Menu

Атамбаев Улуттук банктын төрагасын кабыл алды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июнда, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчысы негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, баалардын туруктуулугун кармап туруу жана анын ичинде өлкө ишкерлери менен фермерлерине берилүүчү насыялардын көлөмүн арттыруу аркылуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат алды.

Толкунбек Абдыгулов ошондой эле 2016-жылдын май айында өлкөдө инфляциянын көлөмү жыл башынан бери 3,4 пайызга төмөндөп, 0,2 пайызды түзгөнүн айтты. «Банктарды каптитализациялоо процесси уланууда. Быйылкы жылдын 1-июлуна алардын капиталы 400 млн сомго, ал эми 2017-жылдын 1-июлуна карата – 600 млн сомду түзөт», – деп билдирди Абдыгулов.

Атамбаев жана Улуттук банктын төрагасы Абдыгулов ошондой эле өлкөдө накталай эмес төлөөлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012-2017-жылдарга карата эсептелген Мамлекеттик программанын аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Мамлекет башчысы өлкө үчүн тобокелчиликти азайтуу жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Улуттук банк эсептешүүлөрдү улуттук валюта менен накталай эмес жүргүзүүнүн үлүшүн арттыруу аркылуу экономиканын долларлашуусунун деңгээлин төмөндөтүүгө багтытталган бул программаны аткаруу боюнча иш-чараларды  активдүү турмушка ашыруусу керек деп белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: