Menu

Американын атактуу боксеру Мухаммед Алинин жаназасы өзүнүн керээзи боюнча жума намаз күнү окулуп, сөөгү жерге мусулманча берилет

Бөлүшүү:

Легендарлуу, 74 жаштагы америкалык боксер Мухаммед Али 4-июндан 5-июнга караган түнү көз жумган. Мусулман динин кабыл алган Мухаммед Алинин өзүнүн керээзи боюнча жаназасы жума намаз күнү окулуп, аны сөөгү жерге мусулманча берилет. Алинин сөөгү азыр өзү туулуп өскөн Кентукки штатынын Луисвилл шаарына жеткирилген.
Луисвилл шаарынын тургундары жана шаар башчылары Мухаммед Али атындагы маданият борборун гүлдөр менен кооздошуп, жаназа зыйнатын татыктуу өткөрүүгө камданышууда. Мухаммед Алинин жаназа намазын өзү сыяктуу кийин мусулман динине өткөн америкалык мусулман аалымдардын бири имам Заид Шакир окуйт. Алинин жаназа зыйнатына АКШдагы башка диндердин да дин аалымдары катыша тургандыгын билдиришкен.
Мухаммед Али Центр Али в Луисвилле
Луисвиллдеги Мухаммед Али атындагы маданият борбору

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: