Жума күнү, 10-июнда АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарынынын KFC Yum! Center стадионунда өтө турган легендарлуу боксер Мухаммед Алинин жаназасына 18 миң адам катышат.
Жаназага Түркиянын президенти Тайип Эрдоган, Йорданиянын королу Абдалла, АКШнын экс-президенти Билл Клинтон сыяктуу мамлекеттик саясый ишмерлер да катышыша тургандыгын билдиришти.
Жаназа жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.00.дө окула башталат.
Эсиңиздерге сала кетсек, 74 жаштагы америкалык боксер Мухаммед Али 4-июндан 5-июнга караган түнү көз жумган. Мусулман динин кабыл алган Мухаммед Алинин өзүнүн керээзи боюнча жаназасы жума намаз күнү окулуп, аны сөөгү жерге мусулманча берилет. Алинин сөөгү азыр өзү туулуп өскөн Кентукки штатынын Луисвилл шаарына жеткирилген.
Луисвилл шаарынын тургундары жана шаар башчылары Мухаммед Али атындагы маданият борборун гүлдөр менен кооздошуп, коштошуу зыйнатын татыктуу өткөрүүгө камданышууда. Мухаммед Алинин жаназа намазын өзү сыяктуу кийин мусулман динине өткөн америкалык мусулман аалымдардын бири имам Заид Шакир окуйт. Алинин жаназа зыйнатына АКШдагы башка диндердин да дин аалымдары катыша тургандыгын билдиришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ