Menu

Билим берүү кызматы улуттук валюта менен төлөнөт

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар Дастан Бекешев менен Жанар Акаев тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи депутаттардын бири Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоорунун концепциясы билим берүү уюмдарында эсептешүүнү улуттук валюта менен жүргүзүүгө өтүүгө, жарандардын финансылык абалын жеңилдетүүгө, педагогикалык ишти леберизациялоого багытталган. Башкача айтканда, сунушталган түзөтүүгө ылайык, Кыргызстандын аймагында кыргыз жарандары үчүн мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик билим берүү уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөө негизинде билим берүү кызматы улуттук валюта менен гана төлөнөөрү белгиленген. Билим берүү мекемелеринин билим берүү кызматы үчүн чет элдик валюта менен төлөө жөнүндө талабы мыйзамсыз болуп саналат жана мыйзам тарабынан каралган жоопкерчилик алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле мыйзам долбоору менен педагогикалык билими жана педагогикалык  квалификациясы жок педагогикалык ишти жүзөгө ашыруунун тизмесин кеңейтүүчү нормалар  киргизилген.

Талкууда билим берүү кызматы улуттук валюта менен төлөө боюнча сунушталган түзөтүүнү колдоого алышты. Ал эми педагогикалык билими жана педагогикалык  квалификациясы жок педагогикалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча бир катар тактоочу жагдайлар көтөрүлдү.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: