Menu

Видео – Назарбаев: “Актөбөдө кол салгандарга сырттан көрсөтмө берилген”

Бөлүшүү:

Актөбө окуяларынан үч күндөн кийинки билдирүүсүндө казак президенти бул шаардагы кол салууларды радикал жана жалган диний агымдардын жактоочулары жасаган теракт деп баалады. Кылмышкерлер көрсөтмөнү четтен алганын кошумчалады, бирок конкреттүү бир өлкөнү атаган жок.

Кылмышкерлердин баары мыйзамга ылайык катаал жазасын ала турганын эскертти.
Мунун алдында Назарбаев Ак ордодо өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Владимир Жумаканов менен жолугушуп, төмөнкүлөрдү айткан эле:
– Баарын кармоо керек. Куралдуу каршылык көрсөтүшсө жок кылынсын. Баары жазаланышы керек. Бирөө да кармалбай калбасын!
Ак
Назарбаев 8-июндагы билдирүүсүндө “колуна курал алып, киши өлтүргөндөргө каршы өлүм жазасы колдонулуусу” керектигин да кошумчалады.
Казакстанда 2003-жылдан тарта өлүм жазасын колдонууга мораторий киргизилген.
Актөбө шаарында 5-июндагы кол салуу жана андан кийинки атайын операция учурунда 20дай адамдын өмүрү кыйылды. Алардын 13ү кол салгандар. Казакстандын Ички иштер министрлиги бул окуяларга байланыштуу ондон ашуун кишиге издөө жарыялады. Булардын кеминде алтоо-жетөө Актөбөдөгү кол салууга тикелей тиешеси бардыгы айтылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: