Menu

Тажикстандын тунгуч президенти каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн Тажикстанда өлкөнүн тунгуч президенти Каххор Махкамов менен коштошуу зыйнаты өтөт. Ал кечээ 84 жаш курагында дүйнө салган. Махкамовдун жакындарына азыркы президент Эмомали Рахмон көңүл айтты.

Тажикстан Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы жана республиканын Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон Каххор Махкамов президенттикке 1990-жылдардын соңунда шайланган. 1991-жылдын августунда СССРди күчтөп төнкөрүү аракетинен кийин ал митингге чыккандарын басымы менен отставкага кеткен.

Каххор Махкамов мындан соң саясаттан оолактап, ММКларга маек берүүдөн карманчу. 1999-жылы мурдагы президент катары Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын түбөлүк мүчөсү макамына ээ болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: