Жогорку Кеңештин депутаты Мээрбек Мискенбаев «Кыргыз көмүр» ишканасынын директору Мирлан Жакыпов 35 миллион сомду жымырып алып, эч нерсе болбой иштеп жатканын айтып күйүп-бышты. Жакыповго мамлекетке ири суммада зыян келтиргени үчүн кылмыш иши козголуп, бирок аягына чыккан эмес.
Мындан улам, коррупциялык ишке аралашкан деген Мирлан мырзага финансылык документтерге кол коюп, кадимкидей иш жүргүзүп жатканын Мискенбаев белгиледи. Депутат өз сөзүндө тоок уурдагандар кесилип жатканда, бир райондун бюджети саналган 35 миллион сомду сиңирип кеткен Жакыповдун орду түрмөдө болуш керек дейт.
Бюджеттин жыртыгын жамаганга акча таппай жатканда аны ого бетер келемиштей кемирген «Кыргыз көмүрдүн» жетекчисине тиешелүү чара көрүлүшү керек.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ