Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев жер-жерлердеги айыл аймагынын башчылары жана бир катар шаар мэрлеринин укуктарын коргоо боюнча маселе көтөрүп чыкты.
Бир катар шаар мэрлери жана айыл аймагынын башчылары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп келгенин айткан депутат ар кандай текшерүүлөрдөн улам айыл аймак башчылары жана шаар мэрлери өз милдеттерин аткара албай жатканын ортого салды. Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылган эл өкүлү алардын укуктарын коргоо зарылдыгын белгиледи. Ар кандай иш козгоп же иштен бошотуу боюнча Жалал-Абад облусунун Кара-Көл, Ош облусунун Өзгөн шаарларынын мэрлерин мисалга тартты. “Алар менин, партиялаштарым же жердештерим эмес” деген Төрөбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн дагы мындай жетекчилердин жасагаништерин элге кеңири жайылтууга чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ