Белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов бүгүн УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга Чубак ажы өзү билдирди.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов демилгелеген жума намазга байланыштуу түштөнүүнү узартуу боюнча мыйзам долбоорун көпчүлүк эл өкүлдөрү колдобой койгону эл арасында кызуу талкууну жараткан. Бул боюнча айтылуу дин аалымы Чубак ажы Жалилов да пикирин билдирип, мыйзам долобоорун колдобой койгон депутаттарга нааразычылык билдирген. Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алфия Самигуллина өкмөттөн, тишелүү укук коргоо органдарынан Чубак ажынын парламент депутаттары тууралуу билдирүүсүн иликтеп чыгып, баа беришин талап кылган эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ