Menu

Тазабек Икрамов, депутат: “Чубак ажыдан кечирим сурайм”

Бөлүшүү:

Жума намазга байланыштуу түштөнүүнү бир саатка узартуу боюнча мыйзам долбоору – бул учурдун талабы. Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов “Парламент” радиосунда билдирди.

“Биз сунуштаган мыйзам долбоору бүгүн болбосо да эртең баары бир кабыл алынат. Анткени өлкө калкынын 85%дан ашыгын мусулмандар түзөт. Бул мыйзам коомчулукта катуу талкуу жаратты. Ар ким өз оюн айтып жатат. Биз бардык жарандардын көз карашын сыйлайбыз. Мыйзамды даярдап жатканда дин аалымы Чубак ажы Жалилов менен дагы кеңешип, бул боюнча ал кишинин оюн угуп, жалпы мусулмандар үчүн жума намазга барууга мыйзамдын чегинде шарт түзүп берели дегенбиз. Бирок, бул коомчулукта, парламентте бир топ ызы-чууну жаратты. Мен бул үчүн Чубак ажыдан кечирим сурайм. Балким мен бул мыйзамды кесиптештериме жеткиликтүү түшүндүрүп бере албагандырмын”, – деди Икрамов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: