Пакистанда өз кызын тирүүлөй өрттөп жиберген Парвин Рафик кармалды. Ал кызы үй-бүлөсүнөн уруксат сурабастан сүйүктүүсүнө турмушка чыгып алгандыктан, ушундай кадамга барган.
Полициянын маалыматына караганда, окуя 8-июнда Лахор шаарында катталган. Кылмышкер эне ошол эле күнү кармалган.
Парвин Рафик 18 жаштагы кызы Зинатка бензин чачып өрттөп жибергендигин мойнуна алды.
Пакистанда аялдарга карата зомбулук кеңири таралган. Жылына өлкөдө “үй-бүлө намысы үчүн” дээрлик миңге чукул аял өлүмгө дуушар болот.
Былтыр Пакистанда 19 жашар Мария Бибини кыйноого алып, андан соң бензин куюп, өрттөп жиберишкен. Анткени ал өзүнөн эки эсе улуу адамга турмушка чыгуудан баш тарткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ