Menu

Казакстанда набыт болгондорго аза күтүү күнү жарыяланды

Бөлүшүү:

Казакстанда 9-июнь – Актөбө окуясынын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланды. Бүгүн өлкөдө мамлекеттик желектер ылдый түшүрүлүп, радио-теледен көңүл ачуучу программалар менен жарнамалар алынып салынат. Көпчүлүк оюн-зоок иш-чаралары өткөрүлбөйт.

5-июнда Актөбөдө куралдуу кол салуу болуп, төрт жергиликтүү тургун каза тапкан. Аскерий бөлүккө кол салуудан Улуттук гвардиянын үч жоокери набыт кеткен. Жергиликтүү тургундардын, жоокерлердин жана тартип сакчылардын бир нечеси жараат алышкан.

Буга чейин өлкөдө улуттук аза күтүү күнү 2013-жылдын 31-январында Алматыга жакын жерде болгон авиакырсыкка абйланыштуу жарыяланган болчу. Анда учактын кырсыкташынан беш экипаж мүчөсү жана 16 жүргүнчү каза тапкан эле.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: