Menu

Ак үйдүн алдына акцияга чыккан укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду милиция “азыр сакалчан имамды чакырып талакалатабыз” деп коркуткан

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-июнда Ак үй алдына нааразычылык акциясына чыккан белгилүү укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду Бишкек шаардык милициясы сакалчан имамдар менен коркутушкан. Бул тууралу бизге укук коргоочу өзү билдирди.
“Бүгүн саат бирлерде Ак үй алдына “Дин менен мамлекеттик ишти аралаштырбагыла!” деген плакат жазып алып нааразычылык акциясына чыккан элем. Тез эле милициялар жетип келишти. Бири участковый экен, экинчиси Бишкек шаардык милициясынын кызматкери Бактыбек Жапаркары уулу деген болуп чыкты. Ал плакатымды окуп “азыр жакшылыкча тез кетип калбасаң, сакалчан имамдарды чакырып талкалатам!” деп коркута баштады. Ага да көнбөй тура берсем бир жактарга телефон чала баштады. Анан бир сакалчан бала келип плакаттарымды окуп тийишип кирди. Участковый да “10-июнга чейин акцияга чыгууга болбойт, азыр милицияга алып кетебиз” деп жулкулап, мени тургузбай кетирип жиберишти. Бул Атамбаевдик бийлик адамдардын эң эле элементардык укугу – сөз эркиндигин да минтип муунта башташты. Ал аз келгенсип эми милиция бизди “сакалчан имамдар” менен коркута баштаганы бул эмне деген нааданчылык? Биз кандай бийликке туш келдик. “Каралар” менен кызматташканы аз келгенсип эми “сакалчандар” менен да кызматташа башташтыбы?” – деди укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: