Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурдагы муфтий, Кыргызстандын аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловго расмий эскертүү берди. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Чубак ажы УКМКга суракка чакырылганын өзү ММКларда билдирген эле.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов демилгелеген жума намазга байланыштуу түштөнүүнү узартуу боюнча мыйзам долбоорун көпчүлүк эл өкүлдөрү колдобой койгону эл арасында кызуу талкууну жараткан. Бул боюнча айтылуу дин аалымы Чубак ажы Жалилов да пикирин билдирип, мыйзам долобоорун колдобой койгон депутаттарга нааразычылык билдирген. Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алфия Самигуллина өкмөттөн, тишелүү укук коргоо органдарынан Чубак ажынын парламент депутаттары тууралуу билдирүүсүн иликтеп чыгып, баа беришин талап кылган эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ