Menu

Өкмөт жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда, вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин, финансы министри Адылбек Касымалиевдин, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун, транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаровдун, айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин жана Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин катышуусунда кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Жалал-Абад облусунун Аксы, Сузак райондорунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда орун алган жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү каралды.

Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү жана чыгашаны толуктоо максатында Финансы министрлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 700 млн сом которгон. Маалымтка ылайык, өлкө жарандарынан жана ишканаларынан финасылык жардам катары 60 млн сом түшкөн. Министрдин айтымында, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн финансылык каражат жетиштүү.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов белгилегендей, жер көчкү жана селдердин кесепетин жоюу боюнча каражат жана күч жетиштүү.

Сел жүргөн Аксы районунда калыбына келтирүү иштери жыйынтыкталууда. Жер көчкүдөн жабыркаган Сузак районунун жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлгөн.

«Учурда Баткен облусунун Кадамжай районунда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдөбүз, анда жаратылыш кырсыгынын натыйжасында инфраструктуралык объектилерге зыян келтирилген. Ички чарба көпүрөлөрүнүн 12син кайрадан куруп чыгуу керек», – деп маалымдады Кубатбек Боронов. Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаровдун айтымында, бүгүнкү күндө көпүрөлөрдүн долбоору иштелип чыккан, жер-жерде жол кызматынын атайы техникасы иш алып барууда.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев маалымдагандай, ведомство тараптан райондордо жаратылыш кырсыгынан зыян тарткан обьектилердин такталган тизмеси түзүлгөн. Жакынкы арада биринчи кезектеги курулуштар башталат. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жаңы мектептин орду жана долбоору даярдалган. Тийиштүү ведомстволордун экспертизасы аякталган соң мектептин курулушу башталат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мындан ары карай дагы жергиликтүү бийлик органдары жана тургундар менен тыгыз байланышта иш алып барып, жабыркагандардын кайрылуусуна ыкчам жооп кайтарууну тапшырды. Өкмөт башчы кырсык кесепетерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча коюлган милдеттердин өз мөөнөтүндө аткарылышы зарылдыгын белгилеп, ар бир тийиштүү министрлик жана ведомстволордун мындан аркы иш-аракетин бекитти, алар жер-жерлердеги калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматты үзгүлтүксүз түрдө маалымдап турууга тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: