Menu

Кадамжайда 10 объект ӨКМнын Авариялык калыбына келтирүү планына киргизилди

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-июнда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев Кадамжай районуна иш-сапары менен барып, кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кадамжай районунун аймагындагы 27-28-май күндөрү болуп өткөн селден жабыркаган аймактарда калыбына келтирүү, жээктерди бекемдөө жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшүн жеринен көрүп, кээ бир участоктордо тез арада КР ӨКМнын Авариялык калыбына келтирүү планына киргизүү чечими кабыл алынды.

Министрдин орун басары Кадамжай шаарына жана Кадамжай районунун Орозбеков айылындагы 10 объектерди карап чыгып, аларды КР ӨКМнын Авариялык калыбына келтирүү планына киргизүү боюнча чечимди жеринен кабыл алды. 10 объектинин ичинен 6 автоунаа өтүүчү көпүрөлөр жана 4 сайдын жээктерин бекемдөө каралып, объектилерди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги даярдап жаткан долборлоо сметалык документациясына киргизилип, ага жумшалчу акча каражаттары каралууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: