Menu

Түркиядагы жардырууну Күрттөрдүн жумушчу партиясы уюштурган

Бөлүшүү:

Түркиянын түштүк-чыгышындагы автоунаанын жардырылышы боюнча Күрттөрдүн жумушчу партиясы жоопкерчиликти өз мойнуна алды.

8-июнда Сирия чек арасына жакын жердеги Мидьят шаарында полиция бекетине кол салуу болуп, полициянын үч кызматкери жана үч жай тургун каза болгон. “Негизги теракт Мардин облусунун Мидьят шаарындагы полиция бекетинде биздин адам тарабынан жасалды” деп айтылат Күрт жумушчу партиясы 9-июнда тараткан билдирүүдө.

Түркия укук коргоо органдары билдиргендей, жардыруунун кесепетинен үч полиция кызматкери, үч жайкын тургун каза болуп, ондогон адам жаракат алды.

Түрк бийликтери 7-июнда Стамбулда полиция автобусун жардырууга Күрт жумушчу партиясынын тиешеси бардыгына далилдер табылганын билдирүүдө. Стамбулдагы жардыруудан 11 киши каза тапкан.

Анкара менен Күрттөрдүн жумушчу партиясынын ортосунда өткөн жылдын июль айында элдешүү жараяны токтотулгандан бери Түркияда бул сыяктуу окуялар көп катталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: