Menu

Чуулгандуу “Бишкек парк” же көз боёмочу Айдын Мистачлоглы

Бөлүшүү:

Борбордун так ортосунан, эң ыңгайсыз жерден орун алган “Бишкек парк” салына электе эле ызы-чууга түшкөнү маалым. Архитектура куруу эрежелерин бузганы үчүн курулуш ишин токтотуп койгон болчу. Анткени курулуш башталган жерде геодезиялык изилдөөнүн негизинде жарака (разлом) бар экени аныкталган.  Ошондуктан өтө бийик, көп кабаттуу үй курууга болбойт делген. Бирок түрк ишкери Мистачлоглы амалдуулук кылып, Ак үй, Көк үйдөгү саткын чиновниктерди паралап колго алып, акыры жанагы тар жерге ушундай заңгыраган мегаборбор салууга уруксат алган. Бир чети бизге мындай заңгыраган борбор курулганы жакшы жөрөлгө, бирок ыңгайлуу жерге салынса, жакшы болмок. Чындыгында шаардын инфраструктурасынын эң ыңгайсыз жеринде орун алган, мындай борбор шаардын чет жакасынан орун алса, алкыш айтууга туура келмек. Шаар тургундардын кыймылына карама-каршылык жаратып, маселе жаратып жатпайбы. Тар көчөнү ээлеп алып, ого бетер тарытып, такай автоунааларга “пробка” түзүп турат.

Ичи, тышы жалтырап турганы менен, “Бишкек парктын” кожоюну Мистачлоглын иши жакшы эмес. Учурда аталган борбордун көмүскөдөгү жашыруун сырлары ачыкка чыга баштады. Мистачлоглы далай ишкерлердин акчасын алдап, сызга отургузган учурлады эми билинип жатат. “Бишкек парк” салынгандан баштап Мистачлоглынын үстүнөн 60ка жакын доо арыз жазылып, соттон башы чыга элек. Сотторго барып жатып, соттор менен мамиле түзүп, баарын сатып алганга үлгүрдү. Негизи кай жерге арыз жазылса, ошо жерди тып эле баса коёт, мындай феноменди ким бергенин таң калтырат. Көрсө “Бишкек парктын” кожоюну Айдын Мистачлоглы өтө амалдуу, көз боёмочу, ошондой эле гипнозду дагы өздөштүрүп алган экен. Чындап келгенде биз билген эл аралык көз боёмочу Гуреевич, Елисеевдер Айдын Мистачлоглынын астында мындай эле калат. Айдын Мистачлоглы өтө амалдуу көз боёмочулугунун далили катары барган жерден жеңишке ээ болот, кандай гана кырдаал болбосун суудан кургак чыгып кетип жүрөт, ал эмес сот, прокуратура, каржы полиция, деги бардык тармакты колго бат эле алып коёт. Мындай кадамдары акыркы күндөрү билинип келе жатат.

“Бишкек паркты” сала электе эле, Мистачлоглы анын макетин жасап алып, Кыргызстанда жүргөн акчалуу түрк, күрттөрдү алдоого киришкен. Мистачлоглы бутага ылайыктуу объектини ынандырып, кызыктырып, психологияга таасир берип, алдоого киришчү.  Курмандыкка чала турган адамын биринчи иретте ынандырып, Бишкектин так ортосуна  чоң соода борбор сала турганын, ага жабыштыра 18 кабаттуу үй салынаарын, үй ээлеринин жашоо шарттары өзгөчө болоорун айтып, кызыктырган. “Ал үйлөр кийин өтө кымбат болот, сатсаңыз дагы эки-үч эсе кымбат сатасыздар, элдин агымы көп болгондуктан соода түйүнгө күнүнө 15-20 миң адам келип, соода кылып турат, ай сайын бир миллиард доллар соода жүгүртүсү күтүлөт. Бир жылда эле куруп бүтөм” – деп ишендирген.

Ар бир адамда ач көздүк бар эмеспи, башка бирөө ала электе алып алалык деп курула элек соода түйүндү арендага, квартираларды сатып алышат. Мистачлоглы гипноз менен арбаганда, акчалуу кардарлар акчаларын алдын ала берип койгон эле. Бирок Мистачлоглы акчаларын алып, өзү юридикалык жактан дагы алчы-таасын жеген көз боёмочу болгондон кийин, баягы алдын ала акча бергендерди кээсин эки жолу төлөтүп, кээсин таптакыр акчасын күйгүзүп, кайра өзүлөрүн карыз кылып, оокаттарын алып кыйнаган.

Эң кызыгы экс-премьер Темир Сариевдин да койнуна кирип, жаңы эле мамлекеттин казынасына кол салайын деп жатканда Сариев кызматтан кетип, жаңы өкмөт башчы Сооронбай  Жээнбеков Айдын Мистачлоглыны көчүккө тээп, Көк үйдөн кубалап чыкканы баарыңарга маалым. Болбосо далай аферанын ичинде болбокбуз. Кылмыштын жоопкерчилигинен чыгып кетүү үчүн Мистачлоглы үч ай сайын “Бишкек парктын” деректорун алмашып, “Мен эчтекени билбейм, тиги директордон сурагыла” деп амалданып жүрөт.

Жакында Башкы прокуратура “Айдын Мистачлоглынын үстүнөн кылмыш иш козголсун” деп, каржы полициясына жолдомо жөнөткөн эле. Өзгөчө кылмыш иш боюнча каржы полициянын полковниги Б.Абылгазиев Айдын Мистачлоглынын күүнөсү бар экенин таап, ал башка бирөөнүн оокатын, ири суммадагы акча каражатын алдоо иретинде өзүнө ыйгарып алганын тастыктады. Чындыгында мындай оор кылмыш жасаган адамды токтосуз камакка алуусу зарыл болчу, бирок кандайдыр себеп менен тергөөчү Абылгазиев Айдын Мистачлоглыны кепилдикке коё берип жибергенинде катылуу сыр жатат, аябай “крупный” бирдемесин албай туруп, жөн эле кепилдикке чыгара койбойт эле. Ошол эле убакта эл аралык экономикалык кылмышты аркалап жүргөн адамды, алдаткандар канчалык кыйынчылык менен кылмышын далилдеп берип, мына эми жазасын алып, келтирген зыянды калыбына келтирип алалык деп үмүттө жүргөндөрдүн үмүтүн өчүрүп коюга коркунуч туулуп жатат. Болбосо кылтактан суурулуп кете турган, опурталдуу иш болууда. Айдын Мистачлоглы кыргыздын менталитетин жакшы өздөштүрүп алган, ушуга чейин баарын паралап жүрүп, акыры бийликке жакын болуп, өз адамы катарында кошулуп, коюн-колтукка кирген инсан катары таанылат. Эгерде амалдары ишке ашпай калса, анда чөнтөгүндөгү көк акчаны көргөндө генерал дагы туруштук бере албайт, полковник Абылгазиев кантип туруштук берсин. Сариевди арбап, кеңешчи болуп келген адам жөн эмес болуш керек. Ушу тапта кылмыш жоопкерчиликтен кутулуп кеткендин амалын кылып турган кези, айтор Батукаевдей баарын сатып албаса болду. Айдын Мистачлоглынын жаратмандыгы деле бар, бирок ошо жаратмандык менен алышса баркы көтөрүлмөк, тилекке каршы ошо акылын элди алдоого, арамзалыкка жумшаганы өтө кейиштүү, кылмыш. Бирөөнүн зар какшап, маңдай тери менен тапкан ырыскысын алдап, кайгы-муунга салганы оор кылмыш эмеспи? Кылмышты жапканга аракет кылган күч органы дагы убал-сооптон коркуш керек. Мыйзам үстөмдүгү бар экенин унутпагыла!

Качкынбек Булатов, укук коргоочу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

59 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: