Menu

Цирк азыр мамлекетке иштеп баштады

Бөлүшүү:

Жуманын башында, маалымат сайттарынын бирине 51 адам кол койгон кайрылуу чыгып, анда мамлекеттик цирктин артисттери менен кызматкерлери жетекчи Курмангазы Исанаевдин ишмердигин сынга алып, “Кыргыз цирки кыйрап баратат, коррупция гүлдөп атат, бир чара көрбөсөңөр болбойт” дешип, КРнын вице-премьери Гүлмира Кудайбердиевага кайрылышкан болчу. Биз бул арыздын чын бышыгын билүү боюнча Кыргыз мамлекеттик циркинин жетекчилигине кайрылганыбызда, Курмангазы Исанаевдин орун басары Дарья Кусеинова суроолорубузга жооп берди
-Дарья айым, цирктин кызматкерлеринин директор Курмангазы Исанаевге карата койгон дооматтарында негиз барбы?
-Биринчиден, бул арыз-кайрылууларды чогултуп, циркте иштеген, иштебеген, ал тургай чет өлкөдө жүргөн адамдардын колун топтоп жаткан бул биздин Эл артисти наамы бар кызматкерибиз, белгилүү клоун Кадырбек Тажиев экенин баарыбыз билебиз. Анткени, ал азыркы цирктин жетекчилигинин мамлекеттин чөнтөгүнө акча түшүрүү менен өзүбүздүн да шарттарды жакшыртуу саясатына каршы чыгып жатат. Анткени, буга чейин бул жерде өзү баш болуп, ар кандай мамлекеттик цирктин кассасын айланып өткөн акчаларды жасоо менен шугулданып келген экен.
-Мисалы?
-Мисалы, буга чейин ал өзүнүн циркке тиешеси жок Чотукеева аттуу айым менен бирге цирктин артисттери менен ар кандай концерттик программаларды өткөрүп, артисттерге билеттин акчасынан түшкөн акчадан төлөп берип, калганын өз чөнтөктөрүнө салып келген. Ал эми циркке болсо Чотукееванын атынан болгону ижара аксы деп, манеж үчүн 30 миң сом төлөп коюшчу. Ушундан улам канча жылдан бери билет сатуудан цирктин кассасына бир тыйын түшпөй келген. Азыркы жетекчилик былтыр бул схеманы токтотуп, акчанын баарын кассага бурдук эле жыйынтыгы мына маданият министрлигинин коллегиясында расмий угузулду. 2015-жылы бир жылдын ичинде 1 млн. 93 миң сом сатылган билеттерден эле пайда түшүптүр.
-Ал эми артисттердин айлыгы аз деген нааразычылыгычы?
-бизде ооба, эң аз айлык 3,5 миң сомдон башталып, алды 15 миңден жогору алышат. Ооба, мамлекет жыл сайын маданият кызматкерлеринин айлыктарын акырындап көтөрүп жатканын эске алсак, бир аз чыдап иштөөгө туура келет. Бирок, Кадырбек Таджиев уюштуруп жаткан артисттердин таарынычы башка. Айтсам, биздин артисттер буга чейин циркке келип машыгып, репитицияларды жасап, реквизиттерди, костюмдарды циркттен тиктирип кийип, бирок, Таджиев менен Чотукеева түзүп койгон схема менен айлыктан тышкары нак акчага манежде ойношуп, ошондой эле ар кайсыл чакырган жерлерге, тойлорго барып, өз оокаттарын кылып жүрө беришиптир. Быйыл жыл башында министрлик менен макулдашкан соң директор буйрук чыгарып, айына 8 күндөн кем эмес мамлекеттик цикртин манежинде ойнойсуңар деген талап коюлду. Бирок, ушул циркттен айлык алып, цирктин атынан ар кандай иш чараларга катышып, цирктин буюм-тайымдарын колдонуп жаткан, штаттагы артисттер буга макул болбой жатпайбы?! Биз министрдин суранычы менен облусттарга гастролго чыксак, ошол кайрылууга кол койгон айрымдары “бизге канча төлөйсүңөр” дешет. Биз айлыктын эсебинен бараарыбызды, мамлекет, элдин маанайын ачуу үчүн иштейбиз, айлык алып жатпайбызбы десек, барбай коюшту. Эми кимдики туура, өзүңөр ойлонуп көргүлө.
Тынычбек Алтымышев, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: