Жогорку Кеӊештин «Республика – Ата Журт» фракциясында никеге туруу үчүн кыздарды зордуктагандарга карата жаза чараларын катаалдаштыруу максатында депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорунун бетачары болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Рада Туманбаеванын берген маалыматына караганда, 2015-жылы эрегезеге жетелек балдарга каршы жасалган 185 кылмыш катталып, медициналык мекемелерге зордукталуу фактысы боюнча 164 секелек кайрылган. «Ошондон улам, никеге туруу үчүн кыздарды зордуктагандарга карата 10 жылдан 15 жылга чейинки жаза чаралары сунуш кылынууда», – дейт Туманбаева.
Ошондой эле, мыйзам долбоорунда эрезеге жетелек кыздарды зордуктап, алардын өлүмүнө же оор дартка чалдыгуусуна алып келгендерге 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу чараларын колдонуу сунушталып жатканы белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ