Menu

Жума намаз маселесине Атамбаев да аралашты

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Токтомушевди, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасынын аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовду, журналист, блогер Алия Суранованы жана көз карандысыз эксперт Нурлан Исмаиловду кабыл алды.

Жолугушуунун катышуучулары жума намазга жыгылуу үчүн түшкү танапис убактысын узартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесине байланыштуу талаш талкуулардын опуртал мүнөзүнө кабатыр болуп жатышканын билдиришти. Алар мындай демилгелер коомду жикке бөлө турган карама-каршылыктарга алып келерин белгилешти.

Президент динге ишенүү эркиндигинин принциптерин жүзөгө ашыруу боюнча Кыргызстанда бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи. «Башка бардык конфессиялардын өкүлдөрү сыяктуу эле мусулмандар өз динин эркин тута алышат. Жума намазга жыгылууга тоскоолдук кылды деп ким бирөөнүн арызданганы боюнча өлкөдө бир да окуя катталган эмес. Менчик түрүнө карабастан мекемелер менен ишканалардын жетекчилери динге ишенген кызматкерлери өз диний жөрөлгөлөрүн аткаруусу үчүн мындай маселени жеке тартипте чечүүгө милдеттүү. Өкмөт менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дагы эгер ушундай маселелер жарала турган болсо, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү», – деп белгиледи Атамбаев.

«Бирок бардык иште аша чапкандык жарабайт. Диний догмаларды сокурлук менен ээрчүүнүн арты айрым араб өлкөлөрүн эмне кесепеттерге алып келгенин көрүп жатабыз. Мындай чакырыктар түптүз ИГИЛ жол ачат. Бай тарыхый мурасы, маданияты жана салттары бар кыргыздар сырттан таңууланган жашоо образын, дүйнө таанымды ээрчип, мурасыбызды унутуп, маңкурт болууга акыбыз жок. Диний чөйрөдө таңуулоолор жол берилгис, бирок одоно тыюу салуулар да жакшылыкка алып келбейт. Биздин мамлекеттин светтик мүнөзүнүн конституциялык принцибин бузуу жол берилгис деп эсептейм. Кыргызстанда ар ким өз ой-пикирин ачык айтууга укуктуу, бирок диний ишмерлердин саясатка кийлигишүүсүнө эч жол берүүгө болбойт. Акыркы демилгеге байланыштуу талкуулар маалында сезимди козгогон диний чакырыктар айрыкча ыйык Орозо айында жол берилгис», – деди Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: