Menu

Актөбөдөгү кол салууга шектелген 5 адам өлтүрүлдү

Бөлүшүү:

Казакстандын атайын кызматы Актөбөдөгү кол салууга шектелип, издөөдө жүргөн беш адамдын жок кылынгандыгын кабарлады. Улуттук коопсузук комитетинин маалыматына ылайык, шектелген төрт адам Некрасов көчөсүндөгү батирге чабуул коюу учурунда өлтүрүлгөн.

Сүйлөшүүлөр учурунда террорчулар өз ыктыяры менен колго түшүп берүүдөн баш тартып, ок чыгарышкан. Алардын куралын таштатууга болгон аракеттерден майнап чыккан эмес. Атайын бөлүктүн күчү менен чабуул жасалып, батирдеги төрт террорчу жок кылынган. Дагы бир шектүү атышуу учурунда набыт болду, эки коопсуздук комитетинин эки кызматкери жеңил жаракат алышты. Жай тургундарга залака тийген жок.

Актөбө облустук террорчулукка каршы күрөшүү штабы кырдаалды жөнгө салуу, калган кылмышкерлерди издөө, алардын байланыштары менен шериктерин аныктоо боюнча иш-чараларды улантууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: