Menu

Депутат Жээнчороев арам оюн айтып чыкты

Бөлүшүү:

Мандатка ээ болуп, Жогорку Кеңеште олтурса эле өзүн тирукмуш сезип, анан так ошол мандатты, ишенимди берген элдин ыйыктыгына шек келтирип, анын тузуна сийгендер болот тура. Мына, «Республика- Ата Журт» деген партиянын эсирген, көпкөлөң бир депутаты Мирлан Жээнчороев деген «кычыткы» арам оюн айтып чыкты. Анын айтымында Кыргызстандын президенти боло турган киши кыргыз тилин билиш зарыл эмес экен. Анын логикасында президент сүйлөбөстөн иштеши керек имиш. «Конституцияга ылайык, ар бир киши шайлоого жана шайланууга укуктуу. Биз талапкер экзамен тапшырышы керек деген норманы алып салууну сунуштайбыз. Комиссияда отурган 7-10 киши адамдын укуктарын чектебеши керек» – деп акылдуусунат. Дегеле ушул Жээнчороевге кыргыз тилинин таптакыр кереги жок окшойт. Анда Жээнчороевге Кыргыз элинин дагы, Кыргыз мамлекетинин дагы кереги жоктур. Андай болсо бул тил безээрди депу­тат кылып көкөлөтпөй, артка чакыртып алып, анан да Кыргызстандан таптакыр кууп салууга эмнеге болбосун? Деги ушундай көзкаман, тилбезээр, тузга сийээр, кыргызга карата акарат айткандарды эмне деп атоого болот? Кыргыз жеринде жашап, элинин урматын көрүп, нанын жеп, суусун ичип атып анын тилин, элин сыйлабагандарга деги кандай жаза каралган? Эсине келбеген телибай тентектерди, Жээнчороевге окшогон кемчонтойлорду койнуңа батырып, төбөңө көтөргөндөн табаарың не, Кыргыз?!

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: