Бийлик Чубак ажыга кысымды башташы мүмкүн. Мындай пикирин белгилүү журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн соцтармактагы баракчасында билдирди.
“Себеби, ал жума намаз күнүндө эс алууну узартууга каршы чыккан депутаттарды кийинки шайлоодо колдобой турганын жана башка өзүн сыйлаган жарандарды колдообого чакырды. Ал депутаттар басымдуу бөлүгү СДПКдан эле. Демек, мындай таасирдүү аалымдын чакырыгы СДПКнын беделин түшүрүп, кийинки шайлоодо чоң таасирин тийгизет. Ошол себептүү бийлик Чубак ажыны каралап, УКМК суракка чакырып, башка бийликтин таасири менен муфтиятка барган группа аркылуу “атакасын” баштады. Мен ойлойм, мындай аракет менен Чубак ажынын кадыр-баркын түшүрүшөт. Бирок, миллиондогон Чубак ажынын күйөрмандары аны колдоосуз калтырбайт.
Ошондой болсо да бийликтин мындай аракетин мурдагы спикер аркылуу муфтиятка жеткен адамдар пайдаланышат.
Бүтүндөй муфтият менен Чубак ажынын кадыр-баркы эки башка маселе. Асман менен жердей…”, – дейт Орунбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ