Menu

Депутат Мирлан Бакиров БУУнун өкүлү Доржи Кинлай менен жолугушту

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Мирлан Бакиров Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү Доржи Кинлай менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган комитеттин төрагасы Мирлан Бакиров өлкөнүн айыл чарбасы жан азык-түлүк коопсуздугу боюнча бир катар иштер аткарылып жаткандыгына токтолуп, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун бул багытта жасап жаткан иштерине кызыкты.

Доржи Кинлай КР Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп жаткандыгын маалымдап, Азык-түлүк жана айыл чарба уюму негизинен техникалык жардам көрсөтөөрүн билдирди. Ошондой эле токой чарбасына баалоо жүргүзүп, агроөнөржай тармагын өнүктүрүү боюнча стартегиялык план, балык чарбасы өнүктүрүү, жаңгак, бадам өстүрүү концепцияларын иштелип чыккандыгын, мал чарбачылыгы жана дыйканчылыкты өнүктүрүү боюнча долбоорлор бар экенин тизмектеп берди. Мындан сырткары, балдардын ысык тамагына ысык сүт берүү маселеси боюнча дагы долбоор иштелип жатат. Доржи Кинлай мына ушул сындуу долбоорлорго мамлекеттик органдар тарабынан кандайдыр бир көз караштарды берип турса, алган багыттардын тууралыгы же туура эместиги көрүнөт эле дейт.

Тараптар аталган долбоорлорго иликтөө жасап, өлкөнүн айыл чарбасы үчүн пайдалуу иштерди жасоого биргелешип аракет көрүү, тыгыз кызматташуу жана туура тандалган долбоорлорду натыйжалуу жүзөгө ашыруу менен айыл чарбасына чоң дем-күч берүү маселелери боюнча пикир алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: