Талас облусунун губернатор орун басары бар эмеспи, Даир Кенекеев деген. Учурунда мамлекеттик мүлк фондун жетектеп олтурганда кайсы бир мамлекеттик мүлктү бирөөлөрдүн менчигине чыгарып бериш үчүн 50 миң доллар сурай коюп, анысы билин калып шерменде болгон жайы бар. Бул кылыгын кезинде болгон ММКлар жазып чыгышкан. Анан эл көзүнөн далдоо деп Талас облусуна губернатордун орун басары болуп «сүргүнгө» кеткен эмеспи. Бирок, кызмат кумары адамды тынч жаткырбайт экен, чиркин. Ушу тапта Кенекеев «артындагы калбырын» калдыратып сүйрөп алып аталган облуска губернатор болом деген дымак менен ар кимдин эшигин каккылап жүрү. Мурда кийин мамлекеттик мүлктү соодалап көнүп алган эргул эртең губернатор болсо колу кычышып кетпейт деп ким кепилдик берет? Ансыз да төө буурчактын азабын тартып олтурган Талас элинин ырысындагы бирин-экин мүлкүн соодалап жиберип, бирок эч жоопкерчилик тартпай туруп эле кайра башка кызматка баса бербесине ишенелиби?
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ