Menu

Сыймык Бейшекеев эмне үчүн маданият министри болуудан баш тарткан?

Бөлүшүү:

КРнын эмгек сиңирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси, токтоо мүнөз, оор басырыктуу, обончу жана аткаруучу Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ “Жаңы Агым” гезитинде конокто болуп, жагымдуу маек куруп берди.

– Сиз менен маектешип, окурмандарга өнөр дүйнөңүздөн азын-оолак кеп куралы десек эле убактыңыз болбой койгонунан эс албай иштеп жаткан окшойт Сыймык  мырза деген ой келет экен…

– Анчалык деле ойду омкоруп, тоону томкоргудай чоң жумуш кылган жокмун. Болгону күнүмдүк майда-барат жумуштардан, концерт, кайрымдуулук иштерден эле кол байланып жатат.

– Акыркы учурда сиздин  Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрын оңдоп-түзөп, кайрадан жаңыртып чыкканыңыз театр артисттеринин, дегеле жалпы жумурай журттун алкышына арзыды. Ушул жөнүндө кененирээк токтолуп өтсөңүз?

– Мен кичине кезимде эле атам астма менен ооруп калды. Атамды аяп, эмне кылып кубантып көңүлүн көтөрсөм, атанын уулу дедирген адам болсом экен деп бассам-турсам тиленип жүрөр элем. Максатың бийик болсо, умтулуу күч болот тура. Чыгармачылыктын чыйыр жолундагы аздыр-көптүр чогулткан руханий байлыгымды багыты да дал ушул атама байланыштуу.

Эми окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн сиздин сурооңузга токтоло кетсем. Мен өзүм да Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында эмгектенем. Анан какаганга муштаган болуп ушул жылы имараттан өрт чыгып, бир бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Ансыз да адам ыйлаарлык абалда турган театр кырсыктан кийин андан бетер эле кунары кетип калды. Мамлекет маданий жайларды оңдобосуна көзүм жетти дагы ишкер досторума кайрылып ушул театрдын өрттөнүп кеткен бөлмөсүн жаңыртып берүү сунушун киргизгем. Уучубуз куру эмес экен, өлкөгө өз салымдарын кошом деп турган жигиттер театрдын бир эле бөлмөсүн эмес толук кайрадан жаңыртылышына көмөктөрүн көргөзүштү. Азыр маданий жай деген атына төп келип, театрыбыз жаркырап эле калды.

– Концерттериңиздин биринде Кыргыз эл артисти, актер Чоро Думанаевге көп кабаттуу үйлөрдүн биринен бир бөлмөлүү батир бергениңиз баарыбызга маалым. Бирок агайга байланышканыбызда азырынча үй бүтө электигин айтты. Качан бүтүп, кандай шартта берилет?

– Ооба, Чоро Думанев деген кыргыздын дагы бир залкар инсаны, маданиятта опол-тоодой орду бар болгонуна карабай мүр бою батирден-батирге көчүп жашап келе жатат. Эмнегедир Маданият министрлиги да, өкмөт да бул улуу актердун жашоосунан кабар да алып койбоптур. Жашы бир топко келип калса да өйдө жактын эшигин каккылап үй сурап барбай, барына шүгүр деп жашап келе жаткан экен. Агайга менин концертимде үйдүн сертификаты тапшырылган. Бирок үй толук бүтө элегине байланыштуу агай азыр көчүп бара элек. Жакынкы күндөру буюрса толугу менен бүтүрүп, ачкычын Чоро Думаневдин өз колуна тапшырабыз деп турабыз.

– Сиздин концерттериңиз ар дайым байгелүү болот. Бирок ошол байге берилбейт, ал калп эле элди концертке чакыруунун амалы дегендер да жок эмес?

– Мен маектин башында айтып өттүм го атанын уулу, атаңа ырахмат деген сөз мен үчүн чоң бакыт деп. Андыктан атама  наалат айтылгандан кудай сактасын. Менин концерттерим канча жыл мурун байге берүү менен башталса азыр да улантылып келет. Байгелүү машинелерди бир эле Кыргызстанда гана эмес чет жерде иштеп жүргөн мигрант мекендештер арасында да берип келебиз. Мындан эки жыл мурун Орусияда өткөн концертимде бир жаш жигит байгеге ээ болуп, «байке мен ушул жакта машине алыш үчүн иштеп жүрдүм эле»  деп сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш тегеренди.

Элден алганды гана эмес бергенди да биле жүрүш керек. Ит үрө берет, кербен жүрө берет. Айткандар айтып калат, бирок мен эл алдында, анан кудай алдында ак болсом болду. Байгелүү концерттер муну менен гана чектелбейт. Буйруса мындан ары бир бөлмөлүү батирлерди бактылуу концерттин көрөрмандарына тартуулоону максат кылып жатам.

– Сизден көптөн бери жаңы чыгармаларды, клиптерди көрбөй калдык. Мунун себеби ишкерликке көбүрөөк басым жасап кеткениңизден эмеспи?

– Мен ишкер деле эмесмин. Болгону ошол тармактагы досторго максатташ болуп, акыркы жакшы жаңылыктардын себепкери болуп калдым. Ал эми чыгармачылык менин күрөө тамырымдын өзөгү да. Күн сайын жаңы ырларды жаратып жан дүйнөмө эргүү алам. Ошол чыгармаларды теле-радиолорго бергенге  убакыт-сааты чыкпай жатат. Же жашың өткөн сайын менин ырымды берип койчу дегенден да бир аз тартынып калат окшойсуң. Менин чыгармачылыгымды сыйлап, менден жаңы ырларды күткөн күйөрмандарым үчүн жаңы ырлар жыйнагын чыгарайын деп турам. Анан да өзүмдүн репертуарымды жаңыртпай жатканымдын себеби уулум Кадырлууга көбүрөөк көңүл буруп жаңы ырларды жазып берип жатканымдан болсо керек.

– Алма сабагынан алыс түшпөйт деп, уулуңузда сиздин жолуңузду жолдоп сахнаны тандап алганын кандай кабыл алдыңыз?

– Баланын каалоосуна тыюу салбаш керек. Уулум ырдайм мага ыр жаздырып бериңизчи деп жүргөн. Менин концертимде экөөбүз дует ырдап чыкканда элдин кабыл алуусу жакшы болгондон кийин мындан бетер делебеси күчөп жаңы ырларды жаздырып жатат. Азыр концерттерге бир кездерде Аваз Акимов деген балама жазып берген «Айганыш» деген ырды жаңылап ырдап жатат. Жакында эле балдарга арналган “Аруу” аттуу жаңы чыгарманы  жаздырып бердим. Кадырлуу көркөм айтуу жагына да абдан кызыккандыктан акындардын ырларын кыраатына келтирип эл алдына жеткирип жатат. Азырынча жаш болгондуктан балким кийинчерээк сахнага болгон арзуусу сууп кетеби деп ойлойм. Ошондуктан азыр баламды музыкалык мектепке берип чайналтпай эле койоюн дедим. Атайын аспаптарды үйрөткөн ийримдерге эле барат. Зирек, бат эле өздөштүрүп кетчүдөй. Кыскасы  уулумдун чыгармачылыгы менен алекмин.

– Менин билишимче тун уулуңуз да бой жетип сизди келиндүү кылчу мезгил да келип калса керек?

Уулум Азамат учурда Америкада билим алып жатат. Азыр жыйырма бир жашта. Мени тартса эрте эле үйлөнөт, мен жыйырма жашымда үйлөнгөм. Балама айтып жатабыз эки-үч жылда өзүң үйлөн, болбосо апаң экөөбүз үйлөнтүп койобуз деп. Бизге деле куда сөөк менен сыйлашып чай ичкенге убакыт келди деп кулагына күмүш сырга кылып жатат апасы.

– Сиздин маданиятка кошуп жаткан салмактуу эмгектериңизден кийин иштин көзүн билген кишиге берсе жол таап кете алабы деген ой келет экен. Дегеним сизге Маданият жана маалымат министрлигине кызмат сунуштаса кандай кабыл аласыз?

– Мага буга чейин бул кызматты сунушташкан. Бирок менин макул болбогонум — кыска убакыт аралыгында эч кандай жумуш бүтүрө албайсың. Бизде үч-төрт жылга жетип жетпей эле министрлерди алмаштыра беришет. Бул аралык ичинде жадагалса бир театрды салып да бүтпөй каласың. Анан атымды булгап, кашыктап чогулткан аброюмду төгүп, иштей албай койду деген жаманатты сөзгө калгым келген жок. Келечекте туруктуу өкмөттүн курамы келсе, ошондо гана маданияттын көтөрүлбөй жаткан көйгөйү менен  министрликке талапкер болом.

– Азыр биздин эстрада тунжурап уйкуда жаткан сыяктуу элес калтырат. Жаңылануу, изденүү жок эле туңгуюкка кептелип калгандай?

– Сөзүңүздүн төркүнүн түшүнүп турам.Тетирисинче эл концерттерге келбей, маданияттан алыстай түшкөндөй өңүт калтырат. Ырчылар элдин деми менен, колдоп коштоосу менен жаңы чыгармаларды жаратышат да. Ал эми эл өзү көртиргилик деп жүрүп көңүл ачып эс алууну унутуп, өнөр адамдарына шык бербей калды деп ойлойм.

Өткөндө бир жаш ырчыдан эмне эле бат-баттан клип тарта бересиң, андан көрө саны бар сапаты жок кылбай каражатыңды чогултуп бирди чыгарбайсыңбы десем,  эл унутуп калат да деп айтат. Балким ушуга окшогон жаштар элдин табитин таба албай жаткандыр.Эл кандай чыгармага суусап турганын таба билсең ошондо чыгармачылыктан алган жемишиң болот.

– Убактыңызды бөлүп биздин гезитке маек куруп бергениңизге ыраазычылык билдирүү менен бирге кыргыз эли үчүн олуттуу иштерди жасап, тапканыңыздан баар таап, бар болушуңузга тилектештигибизди билдиребиз!

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: