Menu

Казакстан: экс-министр 14 жылга эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Казакстандын спорт жана туризм боюнча мурдагы министри Талгат Ермергияев коррупция боюнча айыпталып, 9-июнда 14 жылга эркинен ажыратылды.

47 жаштагы Ермегияев 2011-12-жылдары министр болгон. 2013-жылы “Астана-Экспонун” башчылыгына дайындалган. Ал уюм 2017-жылы Астанада боло турган эл аралык көргөзмөгө даярдыкты жүргүзгөн.

“Астана-Эксподогу” ири суммадагы уурдоолорго байланыштуу Ермегияев 2015-жылы июнь айында үй камагына отургузулган. Анын менен кошо орун басарлары да эркинен ажыратылды. Мурунку министр соттун өкүмүнө макул эместигин, жогорку сот инстанцияларына арызданарын билдирди.

Сот Ермергияевдин мүлкүн дагы мамлекеттин карамагына алуу боюнча бүтүм чыгарды. Тизмеден анын ар кыл компаниялардагы үлүштөрүнөн тышкары, Алматы менен Астанадагы батирлери, жер тилкелери жана кымбат баалуу автоунаалары бар.

“Астана-Экспо” улуттук компаниясы 2017-жылы өтө турган эл аралык көргөзмөнү өткөрүү үчүн шаарча куруу максатында түзүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: