Menu

Төрөбаев экс-мэрге эмне кейиди?

Бөлүшүү:

Парламентте “Өнүгүү” фракциясынын лидери Б.Төрөбаев “Кара-Кулжа шаарынын экс- мэри М.Койчиевди мыйзамсыз иштен алдыңар”, – деп кейиди. “Айыл аймактарын ар кайсы мамлекеттик органдар текшере берип иштетпей турган болдуңар”,- дегенди айтып жашыды. “Алар эми иштегиси келбей, кийинки шайлоолорго да барбай турган болушту”,- деп каңырыгы катуу түтөдү. Килейген партиянын лидеринин мынчалык эмне жаны кейип атат десе, көрсө иштен кеткен Мамбет Койчиев “Өнүгүү” партиясынын өз адамы тура. 2013-жылы аталган шаардын мэрлигине дал ушул “Өнүгүү” партиясы туртуптур. Анан түртүп баратканы ээ дегиче ээрден ооп, эмгеги талаага кетип жатса жашыбай коймок беле. Бир сөз менен депутаттын айтымында, мэрди алыш-коюшту мыйзам боюнча шаардык кеңеш чечиши керек экен. Белгилүү болгондой экс-мэрге прокуратура тарабынан иш козголуп, ошол эле прокуратуранын сунушу менен өкмөт башчысы кызматтан алган.

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: