Menu

Рыскелди Момбеков, СДПКчы депутат: “ Чубак ажы Жалилов депутат Жанар Акаевге жихад жарыялады! Биз эмне унчукпай олтурабыз?”

Бөлүшүү:

“Чубак ажы Жалилов депутат Жанар Акаевге каршы жихад жарыялады, мындай депутаттарды башка мусулмандар менен катар көмбөш керек, аларга жаназа окулбаш керек дейт, бирок эч ким унчукпайт. Бизде ушундай адат пайда болду – коркобуз. Эгер президент кимдир бирөөгө куттуктоо телеграммасын жөнөтсө спикер менен премьер-министр дагы аны 2 сааттан кийин кайталап телеграмма жөнөтүшөт. Эгер президент кимдир бирөөлөргө көңүл айтуу телеграммасын жөнөтсө, аны да 2 саатта кайталашат. Эгер өлкөдө бир нерсе болуп жатса да биринчи президент эмне деп айтат деп ошону күтүшөт. Жогорку Кеңеш менен өкмөт өздөрүнө жоопкерчилик алгылары келишпейт”, – деди парламенттин акыркы отурумунда СДПКчы депутат Рыскелди Момбеков.
Эсиңиздерге сала кетсек, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттары ишемби күн иудейлердин, жекшемби күн христиандардын дем алып кудайга сыйына турган күндөрү болгондуктан бул күндөр дем алыш күндөр катары жарыяланганын, ал эми мусулман өлкөлөрүндө жума күн дем алып, намазга жыгылып, кудайга сыйынчу күн катары кабыл алышкандыгын эске алып Кыргызстанда да жума күнүн дем алыш, жекшемби күндү жумуш күн деп жарыялай турган мыйзам иштеп чыгышкан. Кыргызстанда ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш болуп жарыяланышы тээ христиандык Россияга колония болгондон башталган салт. Бирок, 5-чакырылышта бийлик бул мыйзамды өткөрбөй койгондуктан 6-чакырылышта депутат Икрам Тазабеков анда бир аптада бир жолу гана, жума күнү жума намаз үчүн түшкү тыныгуу 1 саатка узартылсын деген норма иштеп чыккан.
Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитети депутат Икрам Тазабековдун (“Өнүгүү”) бул нормасын талкуулап , анда СДПКчы депутат Жанар Акаев катуу каршылык көрсөтүп, комитетте мыйзам өтпөй калган.
Эртеси экс-муфтий Чубак ажы Жалилов СДПКчы депутат Жанар Акаевдин мурун Жогорку Кеңештеги мечитке каршы чыкканын эске алып, бул мусулманчылыкка каршы иш аракеттер деп баалап, өзү тирүү болсо эч качан Жанар Акаевге жаназа окубасын, эгер өзү көзү өтүп кетсе аны сыйлаган молдолор да Жанар Акаевге жаназа намаз окубоосун сурап, ошондой эле өзүнүн жаназасына Жанар Акаевди келтирбөөнү суранып кайрылуу жасаган.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: