Вице-спикер Нурбек Алимбеков микрофон күтүп кезекте турган Аида Саляновадан мурда КСДПнын “кыйын чыкмасы” Иса Өмүркуловго сөз бере коём деп Аида айымдын каарына калды. “Мен ага партиялашы Жураевдин ордуна сөз бердим дегенине” А.Салянова ынанган жок. “Регламентте бир партиядагылар бир-бирин алмаштыра алат деп жазылганбы? Андай болсо фракциялар кимден кийин ким сүйлөөрүн өздөрү чечип албайбы! Биз жыйынга келип, атайы жазылып, бирдеме айтып калалы деп келебиз. А сиз бардык процедураны “фарска” айлантып салдыңар”,- деди ал. (Кебетеси ичинен “фарш” кылып салдың дегенди эле айтты окшойт). Анан “Сизге кайрылганда айтышпай, өзүңүздүн аракетиңиз үчүн жоопкерчиликти да ала билсеңиз”,- деп жөөлөп өттү.
Булак: “Жаңы Агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ