Кыргыз аткаминерлери качан көчүгүнө күч келип, же алдыда шайлоо жакындай баштаганда кичи мекенине аттезегин кургатпай каттап, кадырын салып, чай уюштуруп жан алакетке түшүп калышат. Башка учурда 180 градуска өзгөрүлүп, таптакыр унутушат. Дегеним, Осмонбек Артыкбаев деген депутат бар. Тааныйсыңар, бир канча жолу депутат, министр да болду. Бирок, олуттуу, эл үчүн жасаган бир кадамы эсте жок. Өзүм дегенде өгүздөй күчү бар. Ушул берен кичи мекени Токтогулга басып барчу эмес эле, эми ат тезегин кургатпай каттап атат. 9-майда барды, андан кийин барды. Эл менен бийик болооруна көзү жеткен окшойт деп түкшүмөлдөп атсак барган жеринде эле азыркы ажонун доору укмуш болуп атканын, ушул доор дагы беш алты жылга узарса мамлекет бутуна туруп кетээрин канкакшайт дейт. Бул дегендик кошоматка койду тирүүлөй бышырып, шайлоодо добуш алуу далалаты эмеспи. Бирок эл Осмонбекти жакшы билет да. Так ушундай Арзыматтар ак дил падышаларды жолдон чыгарчу эмес беле. «Үфүлөгөн» үгүтү болбосо эл дегенде жаа бою каччу Осмон мырза Токтогулду айланчыктап атканы жөн эмес экен.
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ