Menu

Будапештте «Манас» дастанынын венгер тилиндеги китебинин бетачары болду

Бөлүшүү:

«Манас эпосу» венгер тилине которулуп, атайын китеп болуп басылып чыгып, Будапешт шаарында китептин бетачар аземи өттү. ЖКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда иш чарага Венгрияда расмий иш сапар менен жүргөн Жогорку Кенештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар жана Венгрия Илимдер академиясынын окумуштуулары катышты.

Буга чейин венгер тилинде «Манас» эпосунан үзүндүлөр гана жарык көргөн. Котормочу, окумуштуу, түрколог, этнограф Давид Шомфаи Каранын айтымында, бул жолу Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» дастанынын кыскартылган варианты которулган. Ал «Манас» эпосун изилдеп, Кыргызстанга көп келгендиктен, кыргыз тилин мыкты өздөштүргөн.

Венгер тилиндеги «Манас» эпосу беш жүз нускада басылганы, жакын арада китептин нускасы мындан дагы көбөйтүлө турганы белгилүү болду.

Иш-чара жүрүшүндө кыргыз эли улуу «Манас» дастаны менен сыймыктанарын айткан төрага Чыныбай Турсунбеков венгер элинин мыкты уулдарынын ушундай эмгектеринин аркасында руханий байланыштар кайра уланганын белгиледи. Ал китепти чыгарууга көмөктөшкөн венгр парламентинин мурдагы депутаты Ференц Попчак менен котормочу Давид Шомфаи Карага ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ардак грамотасын тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: