Menu

Марс Ибраев, Ислам университетинин ректору: “Чубак ажынын айткандары ачуу чындык, эч кандай радикалдашуу, экстремизм, жихадга чакыруу жок”

Бөлүшүү:

Чубак ажынын айткандарын угуп, ал кишинин жеке пикири катары кабыл алдым. Бул Аалымдар кеңешинин жалпы пикири эмес. Жумурткадан кыр издегендер экстремизм, радикалдашып кетти, жихадга чакырып жатат, кылмыш ишин козгош керек деп чыгышты. Эч кандай радикалдашуу жок. Акыйкат, чындык ачуу болот. Бирок, кээ бир аалымдар айткандай, сүйлөгөнүң чындык болсун, бирок, ар бир чындыкты ар жерде сүйлөө дурус эмес дешет.
Жума намаз үчүн түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу демилгесинин айынан Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов менен ЖКнын депутаты Жанар Акаевдин кайым айтышы коомчулукта каттуу талкууга алынууда. Ал ортодо эл өкүлүн колдогондор, Чубак ажыны жактагандар чыгып, социалдык тармактарда эки жаат болуп, жаман-жакшы айтышкандар болду. Бул маселе ЖКнын көңүл сыртында калбай, айрым депутаттар тарабынан да көтөрүлдү. Жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу ушунчалык талкууга алынчу, ызы-чуу салчу деңгээлге жетип калды беле? Чын эле Чубак ажынын сөздөрү диний кастыкты козутканга алып барабы? Бул маселенин алкагында Кыргызстан Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары, Ислам Университетинин ректору Марс Ибраевди кепке тартып, маек курдук.
– Чубак ажы Жалилов менен ЖКнын депутаты Жанар Акаевдин бири-бирине жооп берген сөздөрү коомчулукта кызуу талкууга алынып жатат. Бул маселе боюнча Аалымдар кеңеши кандай пикир билдирет?
– Кыргызстан мусулмандар Аалымдар кеңеши, анын мүчөсү Чубак ажы Жалиловду илимдүү, кадырлуу аалымдардан деп билебиз. Эл өкүлү Жанар Акаев да депутаттардын ичинде жаш, курч депутаттардан. Ошондуктан экөөнүн ортосундагы маселе тууралуу бир өңчөй, бир тараптуу пикир айтуу кыйын. Анткени Кыргызстан демократиялык, сөз эркиндигин, адам укугун сыйлаган өлкө. Чубак ажынын айткандарын угуп, ал кишинин жеке пикири катары кабыл алдым. Бул Аалымдар кеңешинин жалпы пикири эмес. Ал кишинин айтканы анын жеке оюу болуп саналат. Өз пикирин билдиргенге укугу бар. Мүмкүн болсо жума күндөрү түштөнүү 1 саатка узартылса мусулман мекендештерибиз тоскоолдуксуз намазга барса дейбиз. Алар эмгек кодексин бузуп, жумуштан качып, Кудайдын алдында жалганчы болушун каалабайт элек.
– Бул маселе, жума күнкү түштөнүүнү 1 саатка узартуу демилгесин талкулоодон келип чыгып отурат. Чындыгында бул маселе ушунчалык талашууга, ызы-чууга алынчу деңгээлге жетип калды беле?
– Өтө ызы-чууга, мынчалык талкууга алынчу деңгээлге келе элек. Өлкөбүздүн 85-90 пайызын мусулмандар түзөт. Мындан 5-10 жылкыга салыштырмалуу намаз окуугандар, мечитке баргандар көбөйгөнү анык. Ошондуктан талаптар, муктаждыктар болуп жатат. ЖКнын депутаты Садык Шер-Нияз да өз сөзүндө баса белгилеп кетти. Биз кээ бир нерселерди ичибизден макул дебесек да, бул бүгүнкү күндүн талабы болуп калды. Айрым учурда кабыл алганга муктаж болуп калабыз деп жатат. Депутаттар да эл өкүлү болгондуктан айрым маселелерди көтөрүп чыкканга милдеттүү. Жума күнкү түштөнүүнү 1 саатка узартуу демилгеси талаш маселеге айланбашы керек болчу. Бирок, айрым ММК каражаттары ашыкча эле көбүртүп-жабыртып жаткандыгынан бул маселе талаш маселеге айланып, курчуп кетти. Ортодо эле чечилип, депутаттарга сунулуп, колдоо тапса таап, таппаса кабыл алынбай калмак.
– Жанар Акаев айткандай, жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосунда чечсе болот беле?
– Эл өкүлүнүн айтканынын жүйөөлүү жайы бар чыгар. Бирок, тажрыйбадан улам айтам, эгерде жетекчи менен кызматкердин ортосуна таштай турган болсо, көп учурда көйгөй жаралат. Өздөрү жума намазга барбаса кол алдындагылардын жума намазга баруусун же жетекчисинин баруусун туура көрбөгөн учурлар болгон.
– Бул маселени курчутпаш керек болчу деп жатасыз. Бирок, учурда курчуп кетти. Айрымдар Чубак ажынын сөзүн жихадга үндөө деп, ага карата кылмыш ишин козгоону да сунуштап жатышат. Чубак ажы Жалиловдун айткандары диний кастыкты козутканга жатабы?
– Аалымдар кеңешинде 21 аалым бар. Ар биринин өзүнүн орду бар. Алар коомчулуктун алдына өз илимине жараша чыгып сүйлөшөт. Эксперттер, юристтер Чубак ажынын айткандарын Укук коргоо органдары эксперттик-лингвистикалык комиссияга тапшырып, текшертүүсүн айтып жатышат. Эгерде жеке бир өзүнүн оюу катары пикир билдирсе, анда эч кандай кылмыш иш козгоонун кажети жок. Дагы бир баса белгилеп кетсем, Чубак ажы жеке өзүнүн пикирин айтып жатат. Бул жерде Аалымдар кеңешинин же Муфтияттын атынан айткан жок. Буга чейин Президенттин аброюна же дагы башка баалуулуктарга шек келтирген сөздөр айтылган. Бирок, алар мынчалык каттуу талкууга алынган эмес. Бул жерде жеке амбициялык, көтөрө албастык маселелер болуп жатат деп ойлойм. Орозо айында бир аз сабырдуу, көтөрүңкү болуп, жаштарыбыз жашпыз, карыларыбыз карыбыз деп койсо бул маселе чечилмек.
– Айрым адистер Чубак ажы Жалиловдун сөздөрү ханафий масхабынын чегинен чыкканын айтып жатышат. Диний ишмер катары айтсаңыз, Чубак ажынын айтканы чектен чыктыбы?
– Аалымдар кеңешинин мүчөсү катары айтсам, Имам-Азам абу Ханифа мазхабы менен бул маселенин эч кандай тишеси жок. Имам-Азам абу Ханифа деген улуу затты кабыл албай, анын айткан пикирлерине каршы чыккандар ханафий масхабынын чегинен чыгат. Жанар Акаев мечит ачып, орозо кармаган бир мусулман деп билебиз. Ыймандан чыкты деп эч кимди айта элек, Чубак ажы да айткан жок. Айрымдар ар кандай сөздөрдү айтып, маселени козутуп жатат. Жеке пикирин айтуу аны ханафий масхабынан чыгарбайт. Мамлекеттик концепциянын айрым эрежелерине каршы чыкты деп айтышы мүмкүн. Бул башка маселе. Масхаб же акыйдага каршы чыкты деп Аалымдар кеңеши же Муфтият тыянак чыгарат.
– Коомдо кандай гана жаран болбосун, диний ишмер болобу, депутат болобу, ал ээлеген өзүнүн ордун кантип колдонууга укуктуу?
– Маселен, диний кызматкердин укугу акыйкатты акыйкат деп айтуу. Акыйкат, чындык ачуу болот. Бирок, кээ бир аалымдар айткандай, сүйлөгөнүң чындык болсун, бирок, ар бир чындыкты ар жерде сүйлөө дурус эмес дешет. Диний кызматкерлердин милдеттери, албетте элди жакшылыкка үгүттөп чакыруу. Коомчулукта терс көрүнүш болуп жатса, кандайдыр бир көйгөй жаралып жатса, же мусулмандардын укугу тебеленип жатса, үн катпай, тиштенип отура берүү да туура эмес. Албетте, коомдун бир бөлүгү айтып чыгышы керек. Тили менен айтат, колу менен кайтарганга аракет кылат, болбоду дегенде жүрөгүнөн жек көрөт. Бирок, бул үчүнчүсүн ыймандын төмөндүгү деп айтат Пайгамбарыбыз (САВ). Ошондой эле башка жарандар деле өзүнүн ээлеп турган ордунан аша чаап кетпеш керек. Депутат эл тарабынан шайланып, элдин өкүлү болгондон кийин, коомдун мүдөөсүн орундатуу жүгү жүктөлгөн. Чубак ажы да жөнөкөй адам эмес. Жаназа тууралуу айтканы бир аз каттуу тийип жаткан чыгаар. Бирок, муну туура кабыл алып коюшу керек. Анткени бул киши өзүнүн жеке пирин айтты. Жумурткадан кыр издегендер, эсктремизм, радикалдашып кетти, жихадга чакырып жатат, кылмыш ишин козгош керек деп чыгышты. Эч кандай радикалдашуу жок. Чубак ажы Жалилов ханафий мазхабында бараткан, коомчулукту жакшылыкка чакырып келе жаткан аалымдардан. Ошондуктан эки тарап мунасага барып, ыйык Орозо айын тынчтыкта, бир туугандыкта, уруш-талашсыз, сабырдуулук менен өткөргөндү насип кылсын.
– Рахмат. Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз.
Гүлназ Мамытова
Булак: Марал

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: