Menu

Гүлжигит Исаков, жарандык активист: “Чубак ажынын айткандарында мыйзамга каршы эч нерсе жок. Бирок дин берген милдет бар – ал Жаназа намазга катышуу милдети”

Бөлүшүү:

Факт №1. – Мыйзам барбы, жокпу – иш жүзүндө жума намазын окугандар мыйзамга карабай эле барып окуп жатышат. Мыйзам кабыл алынабы, алынбайбы – ал баары бир толук иштебейт. Шибегени капка ката албайбыз.
Факт №2. – Мурда эркектер арактын түбүнө түшүп кетишсе, кийинчерээк АЙТбек болушуп, анан ЖУМАбек болушуп, анан НАМАЗбек болуп бара жатышат. Дүйнөдөгү исламга кызыгуу жана ага берилүү тенденциясы күндөн күнгө өсүүдө. (ИШИМ-ИГИЛ ж.б.у.с. кара пиарга карабастан исламга кызыгуу ойгонууда). Бул тенденцияны 1990-жылдары дүйнөдөгү футурологдор, стратегдер алдын ала билишип, азыркы ИШИМдин “аталарын” ошондо эле ойлоп табышкан (андан мурда деле башка формада бар болуп келген…)
Факт №3. – Бул мыйзамды/мыйзам долбоорун талкууну, добушка салууну күзгү сессияга калтырса болот эле. Сөзсүз эле Рамазан/Орозо башталганда элди эки жаат кылып бөлүүнүн кажети жок эле. Элди дүрбөлөңгө салбагыдай Жоопкерчиликти ар бир “коомдун адамымын” деген пенде эсине сала жүрүшү абзел! Орозодо айтышып жаатташканды мындай кой, согушуп жаткандар дагы согушун токтотушкан!
Факт №4. – Чубак ажынын айткандарында мыйзамга каршы эч нерсе жок. Бирок дин берген милдет бар – ал Жаназа намазга катышуу милдети – ФАРЗ-КИФАЙЯ (ПАРЗ-КИФАЙЯ). (Фарз-кифайя. Это фарзы, от которых, при условии выполнения их кем-либо из мусульман, остальные мусульмане освобождаются). Ага катышуу парз болсо дагы, кээ бир мусулман жаназасы болуп жаткан адамга карата позициясына карап барбай да коет, же барса дагы ал адамдан болгон аласасын (акысын) кечпей коет! Башкача айтканда жаназага айрым мусулмандар катышса, барбай калгандардан ал милдет түшөт.
Факт №5. – КР Конституциясында дин тутунуу эркиндиги каралган. Мамлекет жарандарынын ишенимин мамлекеттик иштерге аралаштырбаса дагы алардын диний практикасын ишке ашыруусуна шарт түзүп берет же жок дегенде ага тоскоол болбойт. Демократияны унутпайлы, бул жерде аны унутуп калсак, аны башка кайсы жерде эстейбиз?!!!
Факт №6. – Бир адамдын ибадатына тоскоол болуу – ибадаты чектелген адамдын акысын жегендикке жатат. Кудай Таала айтат: “Мага шерик кошпогула, калган күнөөңөрдү кечирем. Бирок кул акысы (башка макулуктун акысын жеп келбегиле) менен келбегиле” дейт. Демек, бир адамдын акысын башкасы жесе ал желген акынын орду толукталмайынча кудай башканын акысын жеген адамды кечирбейт.
Факт №7. – Мыйзам элдин жашоосун жеңилдетүү үчүн жазылат. Элдин жашоосун кыйындатуу үчүн жазылбайт. Эл өкүлүнүн ЭЛДИН ТАЛАМЫН ТАЛАШКАНЫ максатка ылайык. Мыйзам бир ууч топтун гана кызыкчылыгын көздөбөшү керек, ал көпчүлүктүн кызыкчылыгын көздөшү керек.
Факт №8. – Бирге жашап жаткан калкынын динин тутунбаса дагы алардын сезимталдыгын эске алган туура болот. Динди билип койгон туура эле болот. Алардын динин билбей туруп, алардын жашоосуна туура таасир бере турган мыйзамды кантип жазат эл өкүлү? Сабаттуулук – бул урмат-сыйга жатат.
Факт №9. – Катардагы бир диний норманы билбегендер дароо “радикал, экстремист” сыяктуу жарлыкты тагып жиберишүүдө. Бул сабатсыздыкка жатат. Биздикилер эмненин радикал экенинин, эмненин радикал эмес экенинин аныктамасын жасап чыгышы керек.
Факт №10. – Ислам идеалдуу болсо дагы, баардык мусулмандар идеалдуу эмес. Бир идеалдуу болбогон мусулманда мусулмандык сыпаты болгондой эле, мусулмандык эмес сыпаттар дагы болушу мүмкүн.
Мусулман болбогон кишиде дагы мусулмандык сыпаттар болушу ыктымал.
Факт №11. – Чубак ажы мазмун жагынан туура эмес нерсе айткан жок, мыйзамдан чыккан нерсени айткан жок. Ал болгону оюн гана билдирди. Бирок айтуу манерасы бир аалымдыкына шайкеш келбей калды. Кимибиз эле идеалдуу элек? Баарыбыздын катабыз бар…Кечиримдүү бололу.
Факт №12. – Мамлекетибиз бир! Желегибиз бир! Бир элбиз! Орозо айы кирип келди. Бири-бирибизди сыйлайлы!
Эч кимде кепилдик жок бул дүйнөдө! Өмүр бою 5 убакыт намаз окуган адам аркы жакка ыймансыз кетип калышы дагы ыктымал, өмүр бою динден алыс жашаган адамга кудай хидаят берип калышы ыктымал. Бул Кудайдын иши, ал жагына кийлигишпегенибиз туура болсо керек. Сак-саламатта болуңуздар! Салам алейкум!
Гүлжигит Исаков

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: