Menu

Өлкөдө аңчылыкка убактылуу тыюу салуу сунушталууда

Бөлүшүү:

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги өлкөдө жапайы айбанаттарга мергенчилик кылууга убактылуу тыюу салууну сунуштоодо. Агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Курманов билдиргендей, мындай чара жапайы жаныбарларды сактап калуу жана аларды көбөйтүү максатында киргизилүүдө.

Мыйзам долбоорунда 2017-жылдан тарта өлкө аймактарында аңчылык зоналарына кезек-кезеги менен тыюу салуу каралууда. Ага ылайык, 2017-жылдан 2019-жылга чейин Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында, 2020-2022-жылдарга чейин Нарын, Ош облустарында 2023-2025-жылдарда Жалал-Абад, Талас облустарында мергенчиликке тыюу салуу каралган.

Курманов өлкөнүн бардык аймактарында бир учурда аңчылыкка тыюу салууга мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди.

Буга чейин парламенттин айрым депутаттары 2030-жылга чейин чөөлөр менен карышкырлардан тышкары бардык жапайы айбанаттарга мергенчилик кылууга тыюу салууну сунуштагандыгы белгилүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: