Menu

АКШдагы кыргыздар: Мухаммед Алинин жаназасында Леннокс Льюис менен Уилл Смит биздин ак калпакка кызыгышты

Бөлүшүү:

10-июнь күнү дүйнөлүк бокс королу Мухаммед Алинин сөөгү жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатууга дүйнөлүк лидерлерден баштап, анын дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы күйөрмандары да келишти. Маркумдун жаназасына жалпысынан 15 миңдей адам катышкан. Анын арасында кыргызстандык алты мекендешибиз да болду. Айрыкча Талантбек Ахматов аттуу мекендешибиздин башына калпак кийип барганы Мухаммед Алинин жакын санаалаштары, атактуу боксчу Леннокс Люьис жана голливуд актеру Уилл Смиттин көңүлүн өзүнө бурган. Бул тууралуу бизге анын иниси Алтынбек Ахматов маек куруп берди.

– Алтынбек мырза, сиздин жана байкеңиз Талантбек Ахматовдун АКШда жашап жатканыңыздарга канча жыл болду?

– Байкем менен менин бул жакта жашаганыбызга он жылдай болду. Бул жакта өзүбүздүн чакан ишканабыз бар.

– Талантбек мырзанын ак калпак кийип М. Алинин жаназасына катышканын кыргызстандык интернет колдонуучулар өтө жылуу кабыл алды. Бул иш-чарага кандайча катышып калдыңыздар, ушул темада кененирээк айтып берсеңиз?

– Негизи мен дагы, байкем дагы атактуу боксчу Мухаммед Алинин күйөрманыбыз. Биринчиден анын дин ишениминдеги эрктүүлүгүнүн күйөрманыбыз десем туура болот. Анткени ал АКШда расалык бөлүнүүлөр болуп турган чакта, Ислам динин кабыл алганын, чындык бул Исламда деп бекем турганын көп угуп, окуп жүргөнбүз. Биз анын акыркы сапарга узатуу аземинде катышып, анын жашоосундагы диний ишениминин орду канчалык жогору экенин өз көзүбүз менен көрдүк. Буга чейин уккан жана окуган окуяларым дагы бир жолу далилденди.
Экинчиден, албетте анын бокстагы чеберчилиги, легендарлуулугунун күйөрманыбыз.

 

– М. Алинин жаназасына акысыз билеттер таркатылганы буга чейин айтылды эле. Сиздер буга жетиштиңиздерби же?

– Ооба акысыз билеттер таркатылды. Бирок биз аны алганга жетишпей калдык. Үч саат бою шаарды кыдырып жүрүп араң билет таап, сатып алдык. Ошентип легендарлуу мушкердин жаназасына катышып келдик. Жалпысынан бул иш-чарага алты кыргызстандык катыштык.

– Бир тууганыңыз Талантбек мырзанын ак калпак кийгени көпчүлүктүн көңүлүн бургандыр…

– Байкемдин калпагы албетте көптөрдүн көңүлүн өзүнө бурду. Эң кызыктуусу М. Алинин сөөгүн алып бараткан кортеждердин жанында чуркап баратканыбызда болду. Анткени терезелери караңгылатылган унаада бараткан атактуу мушкер Леннокс Льюис менен голливуд жылдызы Уилл Смит биздин жаныбызга жеткенде терезени ачышты. Алгачкы эле сөзү “Силер мусулмансыңарбы?” -деген суроо болду. Биз “-Ооба”-деп жооп бергенде, экөөсү тең “Оо, бир туугандар экенбиз анда, баш кийимиң жакты, аябай өзгөчө экен”-дешти. “Силер кайдан келдиңер”-деп сураганда, “Биз кыргызбыз”-десек, “Аллах ыраазы болсун, ушинтип бир тууганыбыздын, Мухаммед Алинин жаназасына келип чогуу болгонуңуздарга!”-деген бойдон кетишти дүйнөлүк атактуулар Леннокс Льюис жана Уилл Смит.

– Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Булак: maralfm.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: