Menu

Обама Орландодогу окуяны бүтүндөй америкалыктарга болгон кол салуу деп атады

Бөлүшүү:

АКШ президенти Барак Обама Орландодогу окуяны “тиришумдук кыргын” деп атап, аны террордук акт катары баалады. Ошондой эле президент бул бүтүндөй америкалыктарга болгон кол салуу экендигин билдирди.

Акыркы маалыматтарга караганда, АКШнын Флорида штатынын Орландо шаарында кумсалардын түнкү клубундагы атышуудан 50 адам набыт болуп, 53ү жаракат алды.

Кылмышкер өтө мыкты куралданган. Согуштук мылтык, тапанча жана жардыргыч зат алып жүргөн. Алагач, түнкү саат экилер чамасында ал көңүл ачуучу клубда ок чыгарып, андан соң тышка чыгып, окуяны жайгаруу үчүн чакырылган полициянын тогуз кызматкери менен атышкан. Мындан кийин клубга кайрадан кирип, 30дай адамды барымтага алган. Алар түгөл куткарылды. Кол салган адам өлтүрүлдү.

Күч түзүмдөрүндөгүлөр ок аткан адам Омар Матин аттуу ооган улутундагы АКШ жараны экенин айтышууда. Анын радикал ислам топтору менен байланышы такталууда.

ФБР өкүлү бул окуя террордук акт катары иликтенерин билдирди. Кылмышкер жеке өзү же сырттан, ичтен кимдир бирөөнүн жардамы аркылуу аракеттендиби деген маалыматтар да изилденет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: