Menu

Фото – Борбор Азия өлкө башчыларынын үй-бүлөлөрү

Бөлүшүү:

9-июнга караган түнү Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев кыздуу болду. Ошентип, азыр Казакстандын президентинин беш чебереси бар. Муну өзүнчө рекорд десек да болот. Анткени Улуу Британиянын ханышасы менен Тунистин президентин эске албаганда, азыркы дүйнө лидерлеринин бардыгы эле чебереси менен мактана албайт.  

“Ынтымактын” өнөктөшү “Мейкин Азия онлайн” Борбор Азиядагы өлкө башчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүн эсептеп, карыгында “ысык чай” сунаар адамдары ким экенин байкап көрдү.  НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН

Казакстандын президенти бир эле жол үйлөнгөн. Жубайы – Сара Алпысовна Назарбаева. Бул никеден Дарига, Динара, Алия деген үч кыз төрөлдү.

Азыр Назарбаевдин сегиз небереси бар. Дарига Назарбаеванын балдары: Нурали Алиев (1985-жылы төрөлгөн), Айсултан Назарбаев (1990-жыл), Венера Назарбаева (2000-жыл). Динара Назарбаеванын балдары: Алтай (1990), Дениза (2004) жана Алиша (2010) Кулибаевдер. Мамлекет башчынын кенже кызы Алия Назарбаеванын эки кызы бар – Тиара (2007) менен Алсара (2011).

Назарбаевдин чоң небереси Нуралинин үйлөнгөнүнө 13 жыл болду. Анын төрт баласы бар: Алан, Лаура, Амира жана Ануар.

9-июнда Айсултан Назарбаев балалуу болду. Кызга кандай ысым коюшканы азырынча кабаралана элек.

ИСЛАМ КАРИМОВ, ӨЗБЕКСТАН 

Өзбекстандын президенти эки жолу үйлөнгөн. Биринчи аялы Наталья Кучми менен ал 1964-жылдан 1968-жылга чейин чогуу жашады. Бул никеден 1966-жылы Петр аттуу уулдуу болгон. Наталья 2008-жылы көз жумган. Каримов уулуу менен катташпайт. Айрым маалыматтар боюнча Петр үй-бүлө күтө элек, бала-чакасы жок. 

Өзбекстандын президентинин экинчи аялы –  Татьяна Акбаровна Каримова. Ал Гульнара жана Лола деген кыздарды төрөдү. Ажонун чоң кызынын кенже Ислам Каримов (1992) деген уулу жана Иман (1999) аттуу кызы бар. Лола үч баланын энеси. Кыздары – Марьям менен Сафия, уулу Умар. 

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ, КЫРГЫЗСТАН 

Кыргызстандын президенти да расмий түрдө эки жолу үйлөнгөн. Биринчи аялы Бүажар Теңизбаевадан төрт баласы бар. Уулдары – Сейитбек, Сейтек, эгиз кыздары – Диана менен Динара. Экинчи аялы Раиса Атамбаевадан ажонун Кадырбек (1993) аттуу уулу жанаАлия (1997) кызы бар. 

 Атамбаевдин биринчи никесинен төрөлгөн кыздары турмуш куруп кеткен. Бирок алардын жеке жашоосу сыр бойдон. Экинчи никедеги балдары үй-бүлө күтө элек.

 

Неберелери жөнүндө Атамбаев көпчүлүк алдында айткан эмес. Бирок бул үй-бүлөнүн достору Кыргызстандын президентинин үч небереси бар экенин билдиришти.

ГУРБАНГУЛЫ БЕРДЫМУХАМЕДОВ, ТҮРКМӨНСТАН

Чыныгы чыгыш башкаруучусу катары Түркмөнстандын президенти жеке жашоосун жат көздөрдөн жашырып келет. Расмий өмүр баянын карасак, ал түркмөн аялга үйлөнгөн. Аты – Огульгерек Атаевна Бердымухамедова. Такталбаган маалыматтар боюнча ал 2007-жылдан бери Лондондо жашайт. Огульгерек менен Гурбангулынын эки кызы жана Сердар аттуу бир уулу бар.

Бердымухамедовдун беш небереси бар. Журналисттердин назарына илингени – 16 жаштагы Керимгулы. Ал чоң атасын коштоп борбордук телеканалдардан көп эле чыгып жүрөт. Буга кошумча жергиликтүү массалык маалымат каражаттары Керимгулынын пианинодо ойногонун, ат минип жүргөнүн тынымсыз көрсөтөт. Ал тургай бир жолу ал белгилүү ырчы Дженнифер Лопес менен бир сахнага да чыккан. 

ЭМОМАЛИ РАХМОН, ТАЖИКСТАН 

Карылыкка Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон баарынан мыкты даярданган көрүнөт. Ал – Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин ичинен эң көп балалуу ата. Рахмондун жети кызы (Фируза, Озода, Рухшона, Тахмина, Парвина, Заррина жана Фарзона) жана эки уулу бар. Кенжеси – Сомони – мектеп окуучусу. Чоң уулу 27 жаштагы Рустамды Тажикстандын ММКлары президенттин “мураскору” деп аташат. 

Эмомали Рахмондун неберелери да көп, расмий саны белгисиз. Бирок алардын бир бөлүгү эле үй-бүлөлүк сүрөткө араң батат. 

Булак: yntymak.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: