Menu

Активисттер Москвадагы Украина элчилигине жумуртка ыргытышты (видео)

Бөлүшүү:

200гө жакын адам Украинанын Москвадагы элчилигинин алдында акция өткөрүштү. ТАСС билдиргендей, активисттер Украинага каршы чакырык таштап, элчиликтин имаратына жумуртка менен файерлерди ыргытышкан. Окуя 20 мүнөткө жакын созулган. Анын катышуучулары кармалган жок. Акция украиналык активисттердин Одессадагы иш-аракеттерине нааразычылык билдирүү максатында өткөрүлгөндүгү кабарланууда.

Буга чейин украиналык активисттердин тобу Одессадагы орусиялык башкы консулдукта Орусиянын күнүнө арналган иш-чараны өткөрүүгө тоскоолдук жаратышкан. Алар имаратты көздөй жумуртка менен картөшкө ыргытышкан. Ошондой консулдуктун маңдайына эки дарга асуучу жайды орнотушкан. Полиция эч кимди кармаган эмес.

Башкы консул Валерий Катункин акцияга Орусияда тыюу салынган “Правый сектор” менен “Азов” жарандык корпусунун өкүлдөрү катышкандыгын билдирген.

https://youtu.be/1ze0B8wrK5M

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: