Menu

Дастан Сарыгулов УКМКга камалды

Бөлүшүү:

Дастан Сарыгулов Улуттук коопсуздук комитетине камалды. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо тууралуу кылмыш иштин негизинде шектүү катары кармалганын, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганын бүгүн аталган мекемеден кабарлашты.
Ошону менен катар УКМК учурда “Камеко”, “Кумтөр оперейтинг”, “Кумтөр голд”, “Центерра голд” компанияларынын мурдагы президенти Леонардо Хоменюктун Сарыгулов “Кыргызалтындын” башчысы болуп турганда коррупциялык иштерге барганы тууралуу көрсөтмөлөрүн талдап жатканын кабарлоодо.
Мекеменин белгилешинче, “Кумтөр” долбооруна байланыштуу тергөө мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин тегерегиндегилердин бир катар каршылыктарына дуушар болгон. Ошондуктан быйыл март айында бийликти басып алуу планы “Кумтөр” долбоорундагы коррупциялык иштердин ашкере болушуна жол бербөө максатын көздөгөн деген версия каралууда.
Булак: azattyk.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: