Menu

Дастан Бекешев, депутат: «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бөлүнгөн 225 батирдин ичинен 10-15 батир тиешеси жок чоочун адамдарга берилип кеткен»

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 13-июнда парламенттин пресс-борборунда маалымат-жыйын өткөрүп, Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коомунун жетекчилигинин ишиндеги коррупциялык аракеттер тууралуу кеп салды.

Эл өкүлүнүн айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бөлүнгөн 225 батирдин ичинен 10-15 батир тиешеси жок чоочун адамдарга берилип кеткен. «Ошондон улам, батирлердин бөлүнүү фактысын ар тараптуу иликтөө максатында, жумушчу топ түзүлдү. Бир ай аралыгында текшерүү жыйынтыгы чыгарылат», – дейт ал.

Депутат Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүн жарандык активисттер менен аркандай шылуундардын чагымчыл аракеттерин колдобой, жумушчу топтун иликтөө жыйынтыгын күтүүгө чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: