Menu

Дастан Сарыгулов “Кумтөрдөн” айына 200 миң доллар акча талап кылып турган

Бөлүшүү:

“Кыргызалтын” ишканасынын мурунку жетекчиси Дастан Сарыгулов убагында “Кумтөрдөн” ай сайын 200 миң доллар талап кылып турчу. Бул тууралуу “Камеко”, “Кумтор оперейтинг”, “Кумтор голд”, Centerra Gold ишканаларынын мурунку жетекчиси Леонардо Хоменюк өз катында билдирген. 
Анын билдирүүсү УКМК тарабынан “Кумтөр” боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде каралууда. Катта 1992-1999-жылдары мамлекеттин атынан “Кумтөр” боюнча долбоорлорго Сарыгулов көз салып, бир канча мыйзамсыз аракеттерге барганы айтылат.
Леонардо Хоменюктун арызынын кыскача маңызында: “Мен Кумтор Оперейтинг Компани, (КОК), Камеко Голд ишканаларын жетектеп турганымда мамлекеттик “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчилери Дастан Сарыгулов, Камчыбек Кудайбергеновдор, президенттин аппарат бөлүмү, президенттин үй-бүлөсүнүн жакындары ар кыл себептерди айтып тынбай акча алып турушчу. Алардын катарында шайлоо өнөктүктөрү да бар. Кээде ай сайын 200 миң доллар берчүбүз. Дастан Сарыгулов менен Камчыбек Кудайбергенов бул тапшырмалар президенттин аппарат бөлүмүнөн берилип жатканын айтышчу. Маселе директорлор кеңешинде каралып, ал кездеги президенттин жубайы Майрам Акаевага тиешелүү “Мээрим” фондуна өткөрүп берилчү”, — деп айтылат. 
Дастан Сарыгулов буга чейин оппозиция өкүлдөрүнүн бийликти басып алуу боюнча сүйлөшкөн жазуулары интернетке тарап кеткен иш боюнча үй камагына алынган болчу. Кылмышка шектелип Кадыров менен Асанов кармалган.
Хоменюк — АКШ менен Канаданын жараны. 1992-2008-жылдары 16 жыл бою бир нече компанияны башкарган.
2014-жылы Кыргызстандын талабы менен козголгон кылмыш иштердин айынан эл аралык издөөгө алынган.
Эске салсак, бүгүн УКМК Дастан Сарыгуловду камакка алган.
Булак: sputnik.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: