Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обамага Орландо шаарында болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтты.
“Кыргыз Республикасы төбө чачты тик тургузган бул кыянатчылык террордук актыны чечкиндүү айыптайт жана террордук актыларды актоого болбой турганына жана жараксыз экенине ишенет”, – деп айтылат Атамбаевдин телеграммасында.
Президент курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгырып көңүл айтуу менен бардык жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалоо сөздөрүн жолдоду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ