Menu

Фото – Алайкуудагы “Жусу казы” мечитине 103 жыл толду

Бөлүшүү:

Кара-Кулжа районунун башкы имам-хатиби Анарбек ажы Жусупов “Тарых жана маданият” жылына карата райондогу узак убакыттан бери кызмат өтөгөн тарыхый мечиттер менен жеринде таанышып,  маалымат чогултуу иштерин баштады. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Алгачкы изилдөө иш-аракеттери Алайкуу өрөөнүндөгү “Жусу казы” мечитинен башталып, мечит имамы Расул Араповдун маалыматы боюнча төмөнкүлөр белгилүү болду:

“Жусу казы” мечитинин алгачкы аталышы “Кызыл-Жар” мечити деп аталган. Мечит 1913-жылы Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин атасы Бедел уулу Жусунун башчылыгында курулуп, мечиттин курулуш архитектурасы дагы өзүнчө бир сыйкырдуудай фундамент катары жер пайына арча жыгачтар жаткырылып, ага түркүктөрдү мыксыз эле кураштырып, кашкар жабыш ыкмасында Кытайдан келген уйгур улутундагы усталардын жардамы менен бүткөрүлгөн. Мечиттин дубалдарында чебер кол менен түшүрүлгөн кыргыздын улуттук орнаменттери оймо сыяктуу чегип түшүрүлгөндүктөн, азыркы күндө да кезиндегидей сакталып турат.  1931-1934-жылдар арасында жергиликтүү эл Кытай мамлекетине көп каттагандыктан, мечитте жалпы намаз окулбай, мечит борбордук магазинге айланган. 1939-1941-жылдары Колхоздун кампасы, 1941-1946-жылдары склад, 1946-1952-жылдары согуштан кийинки оор жылдарда кароосуз калган. 1952-1970-жылдары кээ бир учурларда намаз окулуп, 1970-1975-жылы кайрадан склад, кампа катары пайдаланылат. 1976-жылдан тартып ушул мезгилге чейин мечит катары кызматын өтөп, такай намаз окулуп келе жатат. Мечит курулган 103 жылдын ичинде 4 имам эмгектенип келди. Мечит 1989-жылы Кызыл-Жар айылындагы жору уруусунун элинин демилгеси менен чатыры тунуке менен жабылып, ички тарыхый көрүнүшү өзгөрүлбөстөн бир аз оңдоп түзөө иштери жүргүзүлгөн. Мындан сырткары мечиттин кароолчусу, сопусу 80 жаштагы Ысабай аксакал мечит менен жашташ болуп, 103 жыл мурун эгилген 3 теректин тарыхына токтолуп, кылым карыткан теректер айылдагы алгачкы дарак экендигин белгилейт.
2 3 4 5 6 7 8

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: