Menu

Өгөй кызын зордуктап жүргөн кылмышкер өмүр бою абакта калды

Бөлүшүү:

Өгөй кызын коркутуп зордуктап жүргөн Каракол шаарынын тургуну Нурлан Матыевди өмүр боюн эркинен ажыратуу боюнча Каракол шаардык сотунун өкүмүн Ысык-Көл облустук соту өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттолуучу Мамыев Н.К. 2014-жылдын 26-майында болжол менен саат 13:30 чамасында өзүнүн багып чоңойткон, 2000-жылы туулган өгөй кызы А.ны мектептен чыккан убагында Каракол шаарынын Кутманалиев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен кезигишип, “Жеңиш” паркына «Гүлбара эжеңден акча алып, уюлдук телефон алып берем» деп алдап алып барган. Парктан кыйкырбасын деп кыздын оозун басып, күч колдонуп, «эгерде кыймылдасаң, бирөөнө айтсаң өлтүрүп коём» деп коркутуп зордуктаган. “Зордуктоо тууралуу апаңа айтсаң, сени өлтүрүп коём, сураса классташ кыздарым менен жүрдүм деп кой. Акча берип турам» деп алдап кетирип жиберген.

Мындан тышкары, соттолуучу Мамыев Н.К. кайрадан 2014-жылдын 12-июнунда өзүлөрү жашаган үйүнүн чатырына алып чыгып, кызын күч колдонуп зордуктаган. «Эгерде бирөөгө айтсаң сиңдиңди да зордуктап салам» деп коркуткан.

2015-жылдын март айында А. курбу кыздарын чай ичкиле деп үйгө чакырган, кыздар келип кеткенден кийин уюлдук телефону жок экенин көрүп, таппай койгон. Өгөй атасы анын телефонун алып, мечитке кетип калган. Ыйлап жатып, апасы жумуштан келгенде чыдабай кетип болгон окуяны айтып салган. Эртеси күнү милицияга барып арыз жазышкан.

Каракол шаардык сотунун өкүмү менен 2015-жылдын 21-октябрында Н.Мамыев КР КЖКнин 129-берене (зордуктоо), КР КЖКнин 59-берене (Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Жогорудагы өкүм менен соттолучу Н.Мамыев макул болбой, апелляциялык тартипте доо арыз келтирген.

Ысык-Көл облустук сотунун коллегиясы 2016-жылдын 6-майында биринчи инстанциядагы сот тарабынан соттолуучу Н.К. Мамыевке жаза чектөөдө ага карата жеңилдетүүчү жана оордотуучу бардык жагдайларды эске алуу менен, негиздүү туура жаза чектелген жана соттолуучунун апелляциялык тартипте келтирген арызы канааттандырууга, өкүмдү өзгөртүүгө же болбосо жеңилдетүүгө негиз табылган жок деп таап, Каракол шаардык сотунун 2015-жылдын 21-октябрындагы өкүмүн өзгөртүүсүз  калтырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: